Быйыл “Жаш мугалимдин депозити” программасы боюнча 125 арыздын ичинен 100 мугалим тандалып алынган, аларды колдоого жергиликтүү бюджеттен 7,7 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Жалпысынан борбордо 244 билим берүү уюму иштейт, анын ичинен 120 мектеп жана 118 бала бакча. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 7 мектепке чейинки билим берүү уюму муниципалдык менчикке өткөрүлүп, […]Читать далее
2025-жылы жарандар “Социалдык контракт” программасына катышуу үчүн 8 899 арыз берген. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына караганда, бул жылга 13 333 катышуучуга квота белгиленген. Арыздарды кароонун жыйынтыгында аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөр менен 8087 социалдык контракт түзүлдү. Аялдардын активдүү катышуусу өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Алсак, катышуучулардын жалпы санынан […]Читать далее
Республикада бүгүнкү күнгө карата 381,5 миң тонна картошка жыйналды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, учурда өлкө боюнча картошканы казып алуу жана жыйноо жумуштары уланууда. Ыкчам маалыматтарга ылайык, картошканын эрте жана орто эрте бышкан сорттору 23,1 миң гектар аянттан жыйналып, дүң жыйым 381,5 миң тоннаны түздү. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 165,3 […]Читать далее
Бишкек мэриясы түзүмдүк бөлүмдөрүнө 75 атайын техника жана кызматтык автоунаа тапшырды. Муниципалитеттен билдиришкендей, унааларды тапшыруу аземи Т.Усубалиев атындагы аянтта өттү. Мэр Айбек Жунушалиев шаарды өнүктүрүү, тейлөө кызматтарын жакшыртуу жана шаар тургундарына сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жаңы атайын техникалар тапшырылып жатканын белгиледи. Белгиленгендей, техникалар шаардык бюджеттин жана ишканалардын өздүк каражатынын эсебинен алынган. Жалпы […]Читать далее
Бүгүн Агартуу министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилерине Samsung фирмасынын акыркы үлгүдөгү планшеттер берилди. Ведомстводон маалымдашкандай, планшеттерди министр Догдуркүл Кендирбаева тапшырды. Министрдин айтымында, бул кадам билим берүү системасын башкарууну санариптештирүү жана жетекчилердин ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында жасалды. “Биздин негизги максатыбыз – кайда болбосун министрликтин жетекчилеринин ишин ыңгайлуу жана майнаптуу жүргүзүүгө шарт түзүү. Биздин кызматкерлерибиз чоң […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун чечими менен өлкөнүн бардык 232 айыл өкмөтү жаңы кызматтык унаалар менен толук камсыздалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги Азамат Кадыралиев социалдык тармактагы баракчасына жазды. “Бул көрүнүш – мамлекетибиздин тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Буга чейин аймактарга мындай деңгээлдеги колдоо көрсөтүлгөн […]Читать далее
Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясына Dash 8 Q400 учагы келди. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, бул компания тарабынан сатып алынган үчүнчү учак болуп саналат. Учактарды алуу жана авиапаркты кеңейтүү иштери өлкөдө аба каттамдарын жандандыруу боюнча жүрүп жаткан аракеттердин алкагында ишке ашууда. “Аймактарды байланыштырган аэропортторду өнүктүрүү, […]Читать далее
Бишкек-Балыкчы поезд каттамы 6-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, жүргүнчүлөрдүн кайрылууларын эске алуу менен, Бишкек-Балыкчы № 608/609 жүргүнчү поездинин каттамы 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин узартылды. Ал эми, поезддин жүрүү убактысы жана жол жүрүү шарттары өзгөртүлгөн жок. Бир гана 5-сентябрда техникалык себептерден улам каттамдын графиги төмөнкүдөй болуп өзгөртүлдү. Эске салсак, Бишкек-2 […]Читать далее
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети социалдык объектинин жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады. Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз алынган мамлекеттик мүлктү аныктоо жана кайтаруу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө мурда бала бакча жайгашкан жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды. Аталган жер тилкеде 1953-жылы «Фрунзе машина куруучу заводунун» жумушчуларынын балдары үчүн 30 сотук аянтка курулган эки кабаттуу бала бакчанын имараты […]Читать далее
Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму ААК жарандарды жана унаа ээлерин расмий түрдө эскертет. Ведомстводон билдиришкендей, 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып, «Унаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам (ОСАГО) толугу менен күчүнө кирди. Мындан ары, унаа башкарган жарандар ОСАГО полисин милдеттүү түрдө алуу керек. Тиешелүү камсыздандыруу полиси жок жүргөн айдоочуларга карата Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо […]Читать далее