Бүгүн КР президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти. Комиссиянын күн тартибинде тарых илимине тиешелүү маселелер жана көйгөйлөр, ошондой эле Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын изилдөөнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо каралды. Эске сала кетсек, комиссиянын курамы президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 28-февралындагы № 47 Жарлыгы менен бекитилген.Читать далее
Кыргызстанда 75 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен колдонушат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен бил диришти. Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 1-мартына карата 75 миң 189 аз камсыз болгон үй-бүлө жеңилдетилген тарифтер менен пайдаланат, бул “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пул алуучулардын 91,2% түзөт. Калган үй-бүлөлөр электр энергиясына болгон жеңилдикти […]Читать далее
“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасында коомдук транспорттун ишин жакшыртуу боюнча жыйын болуп өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин жетекчилиги, автопарктын колонна башчылары, бригадирлер жана айдоочулар катышты. Жыйындын жүрүшүндө коомдук транспорт катышкан жол кырсыктары көбөйүп жатканы талкууланды. Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков жол эрежесин бузуп, […]Читать далее
Кыргызстанда өлкөдөгү кылмыштуулук боюнча изилдөө жүргүзүлөт, деп билдирет Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, Статкомдо БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) өкүлдөрү менен кылмыштуулук боюнча расмий статистика жаатындагы кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган жолугушуу болуп өттү. Белгилей кетсек, 2024-жылдын экинчи кварталынан тартып атайын иштелип чыккан жана алдын алуу субъекттери […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-24-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Алар : – Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-260-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу; – Мырза-Аке — […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына караганда, 21-22-мартта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМ селдин алдын алуу максатында үй жанындагы, чарбактардагы арыктарды, дренаждык каналдарды таза зарылдыгын эскертет.Читать далее
2024-жылы “социалдык контракт” ири мүйүздүү мал багытына берилбейт. Бул тууралуу Сокулук районунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Айыл чарба министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн жана өнөктөштөрдүн катышуусунда “социалдык контракт” алууга кызыктар жарандар менен жолугушууда айтылды. Эмгек министрлигинен маалымдашкандай, 2022-жылдын ортосунан баштап 12,8 миң аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекет менен “социалдык контракт” түздү. Бул 70 […]Читать далее
Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура долбоорлоо институтунун өкүлдөрү Япониянын Жер, инфраструктура жана туризм департаментинин улук директору Исикава Тору баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө Мамкурулуш агенттиги менен Япониянын ортосундагы курулуш, башкаруу, техникалык жөнгө салуу жана санариптештирүү жаатында кызматташуунун келечеги талкууланды. Делегациянын иш сапарынын негизги […]Читать далее
“Электр станциялар” ААКнын эң биринчи салынган жана эскилиги жеткен Үч-Коргон ГЭСинин №4 гидроагрегатын реконструкциялоо ишинин башталганына 14 күн болду. Энергетиктердин негизги максаты калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине жакшы даярдык менен кирүү жана ага чейин Үч-Коргон ГЭСтин рекструкцияга берилген ГАсын толук бүткөрүү. “Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоорунун алкагында ГА демантаждоо иштери […]Читать далее
Ноорузга карата майрамдык иш-чараларды өткөрүү күндөрү коомдук тартипти жана коопсуздукту 12 миңден ашык милиция кызматкери камсыз кылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Республиканын ички иштер органдарынын өздүк курамы Ноорущла күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Көчөлөрдө жана коомдук жайларда милициянын кезметтери күчөтүлөт. Өздүк курамга тескемелер өткөрүлүп, кыраакылыкты көрсөтүүгө жана ыкчам чара көрүүгө тапшырмалар […]Читать далее