Кыргызстанда өлкөдөгү кылмыштуулук боюнча изилдөө жүргүзүлөт

 Кыргызстанда өлкөдөгү кылмыштуулук боюнча изилдөө жүргүзүлөт

Кыргызстанда өлкөдөгү кылмыштуулук боюнча изилдөө жүргүзүлөт, деп билдирет Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Статкомдо БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) өкүлдөрү менен кылмыштуулук боюнча расмий статистика жаатындагы кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган жолугушуу болуп өттү.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын экинчи кварталынан тартып атайын иштелип чыккан жана алдын алуу субъекттери менен макулдашылган методологиянын негизинде виктимологиялык изилдөө жүргүзүү боюнча иш-чара пландаштырылган, КР Улутстаткому ал иш-чараны өткөрүүгө жооптуу мамлекеттик орган болуп саналат. Бул изилдөө 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин улуттук планын ишке ашыруунун алкагында, “Жазык-укуктук статистиканын маалыматтарын чогултууну жана талдоону жакшыртуу жана альтернативдүү маалымат булактарынан алынган маалыматтарды пайдалануу” милдетинин алдында пландалган.

Ошондой эле жазык жана административдик мыйзамдардын жаңы редакциясына ылайык “КРдагы укук бузуулар жана укук тартиби” статистикалык жыйнагынын кезектеги басылмасын чыгаруу да каралган.

Тараптар көп жылдык кызматташтыктын жаңы этабы Кыргызстандагы кылмыштуулук статистикасы жаатындагы прогресске өбөлгө болот деген ишенимин билдиришти.

Связанный пост