28-марттан тарта карызын убагында төлөбөгөн бишкектиктердин электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынан билдиришти. Карызы бар абоненттердин саны 6,2 миңден ашат. “Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн ишкана абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырабыз”, – деп айтылат маалыматта. Турмуш-тиричилик абоненттер “Мой свет” тиркемесин уюлдук телефонуна жүктөп алып, өздүк эсеби тууралуу […]Читать далее
Кыргыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москванын “Шереметьево” эл аралык аэропортунда кармалган кыргызстандыктар тууралуу бир катар такталган маалыматтарды таратты. ТИМден белгилешкендей, күн мурун, 26-мартта Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери жогоруда аталган аэропортко барышты, анда Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери жана “Аэрофлот” авиакомпаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуулар болду. Жеринде аныкталгандай, Россиянын аймагына кирүүгө тыюу […]Читать далее
Москванын четиндеги “Крокус сити холлдо” орун алган теракт учурунда каза болгон делген эки кыргызстандык кыздын сөөгү генетикалык экспертизага жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет. ТИМден белгилешкендей, кыргызстандык эки жаранды каза болду деп таануу азырынча эрте. Анткени, Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтында жарыяланган тизмеде генетикалык экспертизалары аяктай элек жарандардын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын […]Читать далее
Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 26-мартта саат 21:43тө катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
Кыргызстанда мал эмдөө башталды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, жазгы эмдөө иштерин үзгүлтүккө учуратпоо максатында шарп, сибирь жарасы, кой-эчкилердин кыргын, күл ылаңдарына каршы вакциналар жана жылкылардын маңка ылаңына каршы диагностикумдар жер-жеринде таратылып берилди. Аталган вакциналар мамлекет тарабынан бекер камсыздалат, мал ээлери жеке ветеринардык адистин кызмат акысын гана […]Читать далее
2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда болгон окуялардын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга төлөмдөрдүн өлчөмү жогорулагандыгына байланыштуу кайра эсептөө жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, кошумча социалдык жөлөкпулдардын бул түрүнүн өлчөмү 3 700 сомдон 4 500 сомго чейин көбөйтүлгөн. Ушул жылдын март […]Читать далее
Кыргызстандын бардык аймактарында жүрөк-кан тамыр хирургиясы борборлорун ачуу пландалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандагы биринчи жогорку технологиялуу рентгенхирургия борборунун ачылыш аземинде билдирди. Ал белгилегендей, учурда бул маселе министрлер кабинетинде каралып жатат. «Борборлор курч кармаган миокард инфаркты жана башка жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандарга тез жардам көрсөтөт», – деди ал.Читать далее
Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмдүн деңгээли жогору бойдон калууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандагы биринчи жогорку технологиялуу рентген хирургия борборунун ачылыш аземинде билдирди. Анын айтымына караганда, Кыргызстандагы өлүмдөрдүн 55-60% жүрөк-кан тамыр ооруларынын айынан болсо, биринчи орунда миокард инфаркты турат. “Эгерде ушундай диагнозу бар бейтапка биринчи саатта жардам көрсөтүлбөсө, анда анын […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы астында борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча 2024-жылдын 11-мартынан 11-майына чейин жарыяланган эки айлыктын алкагында аткарылган иштер тууралуу маалымат угулду. Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында муниципалдык чарба департаментинин директору Ильяс Жолоев, Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдук иштери бөлүмүнүн башчысынын орун басары Атай Муратбек баяндама жасашты. Ошондой […]Читать далее
Бишкекте санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаеванын төрагалыгы астында ведомствонун кезектеги жумушчу кеңешмеси өттү. Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, отурумдун жүрүшүндө санариптик трансформация боюнча министрлик жана ведомстволордун ишмердүүлүгүн координациялоо, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү шарттарын жакшыртууга жана бизнес-процесстерди оптималдаштыруу маселелери талкууланды. Нурия Кутнаева кеңешменин катышуучуларына Санариптик өнүктүрүү министрлигинин санариптештирүү жаатында аткарган иштери жана жетишкендиктери тууралуу айтып, […]Читать далее