ТИМ: “Крокустагы” терактта каза болду делген кыргызстандык эки кыздын сөөгү экспертизага жөнөтүлдү

 ТИМ: “Крокустагы” терактта каза болду делген кыргызстандык эки кыздын сөөгү экспертизага жөнөтүлдү

Москванын четиндеги “Крокус сити холлдо” орун алган теракт учурунда каза болгон делген эки кыргызстандык кыздын сөөгү генетикалык экспертизага жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

 

ТИМден белгилешкендей, кыргызстандык эки жаранды каза болду деп таануу азырынча эрте. Анткени, Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтында жарыяланган тизмеде генетикалык экспертизалары аяктай элек жарандардын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын маалыматтары камтылган. Алардын ДНК анализинин жыйынтыгы азырынча чыга элек.

 

Белгилей кетсек, Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каза болгондордун тизмесин жаңылады.

 

Ага ылайык, 26-март саат 20.00гө карата 120 адам каза болгондугу айтылат, алардын арасында кыргызстандык – Маиза Гүлжигит кызы менен Эдита Жусупованын ысымдары бар.

 

Эскерте кетсек, буга чейин кыргызстандык эки кыз байланышка чыкпай жаткандыгы айтылып келген.

Связанный пост