Бишкекте этностук кыргыздардын башын бириктирген эл аралык конференция өттү. “Кыргыздын Манасы, адамзаттын айкөлү” аталыштагы иш-чара “Этностан” маданий борбору тарабынан уюштурулуп, Кара Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгына жана Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусунун 70 жылдыгына арналган. Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, президенттин администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун […]Читать далее
Эмгек министрлигинин Орусиядагы Өкүлчүлүгү социалдык тармактардагы чагымчылдарга ишенбөөгө чакырды
Эмгек министрлигинин Орусиядагы Өкүлчүлүгү социалдык тармактар жана Telegram сыяктуу популярдуу мессенджерлер аркылуу, Россиянын аймагында жашаган же убактылуу жүргөн кыргызстандыктарды ар кандай чагымчылдыкка алдырбоого, социалдык тармактар аркылуу жумушка орношпоого, акцияларга катышпоого, ошондой эле балдарды көзөмөлдөөгө чакырат. Ошол эле учурда Министрлик террордук актыга катышуу Россия Федерациясынын кылмыш-жаза мыйзамдары менен өмүр бою эркинен ажыратылганга чейин жазаланарын эскертет.Читать далее
Бүгүн, 27-мартта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлүнүн убактылуу м.а. Кристина Бружиоло 2024/2025-жылдарга карата эки жылдык иш планына кол коюшту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. “Биздин өнөктөштүк балдардын жашоосун жакшыртуу жана оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча жалпы максаттарга жетүүдө негизги ролду ойнойт. Биргелешип иштөө бизге бардык […]Читать далее
Санариптештирүүгө кадам. ЖКККББнын кызматкерлерине окутуп-үйрөтүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Бүгүн ЖКККББнын жетекчилиги ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы менен биргеликте Ички иштер министрлигинде Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматкерлерине кызмат өтөө учурундагы ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алган боди камераларды колдонуу жана иштөө тартиби тууралуу окутуп-үйрөтүү сабагын уюштурду. Боди камералар кызматкерлердин кийиминин көкүрөк төшүнө же ийиндеги […]Читать далее
Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев америкалык Space X компаниясынын глобалдык лицензиялоо жана активдештирүү боюнча директору Ребекка Хантер менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстанды космостон берилүүчү тез ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу маселеси талкууланды. Аталган америкалык компания менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр эки жыл илгер башталган. Жолугушууну жүрүшүндө Ребекка Хантер буга чейин аткарылган […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын жана Бишкек шаарынын иш менен камсыз кылуу кызматтарынын кызматкерлери үчүн 2024-жылга социалдык контрактты ишке ашыруу боюнча окууларды уюштурду. Министрдин орун басары Жылдыз Полотованын айтымында, үстүбүздөгү жылы Министрлик 20 миң аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөр менен социалдык контракт түзүүнү көздөп жатат. “Өткөн […]Читать далее
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзовдун атын жамынган шылуундар пайда болду. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды. Алагөзовдун маалыматына караганда, айрым шылуундар анын атынан мамлекеттик органдарга телефон чалып, алар үчүн ар кандай керектүү техника сатылып алынганын айтып, терминал аркылуу бажы төлөмдөрүн төлөөнү талап кылышууда. “Мындан тышкары, дагы эле менин атыман шылуундар биринчи […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына караганда, 28-29-мартта күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. ӨКМ жарандарга селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, […]Читать далее
Токой кызматы аткарылып жаткан жазгы жумуштар тууралуу маалымат берди. 2024-жылга токой чарбаларга 1510 га аянтка экме токой отургузуу боюнча тапшырма берилген. Бүгүнкү күндө токой чарбалар тарабынан 801,7 га аянтка экме токойлор отургузулду, же аткарылышы 53,09%ды түздү. Анын ичинен: 631,6 га аянтка бадам, саксөөл, ит мурун, жаңгак үрөндөрү себилди; 170,1 га аянтка […]Читать далее
28-марттан тарта карызын убагында төлөбөгөн бишкектиктердин электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынан билдиришти. Карызы бар абоненттердин саны 6,2 миңден ашат. “Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн ишкана абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырабыз”, – деп айтылат маалыматта. Турмуш-тиричилик абоненттер “Мой свет” тиркемесин уюлдук телефонуна жүктөп алып, өздүк эсеби тууралуу […]Читать далее