Бишкекте этностук кыргыздардын башын бириктирген эл аралык конференция өттү

 Бишкекте этностук кыргыздардын башын бириктирген эл аралык конференция өттү

Бишкекте этностук кыргыздардын башын бириктирген эл аралык конференция өттү.

 

“Кыргыздын Манасы, адамзаттын айкөлү” аталыштагы иш-чара “Этностан” маданий борбору тарабынан уюштурулуп, Кара Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгына жана Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусунун 70 жылдыгына арналган.

 

Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, президенттин администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кыял Жанузакова, КР президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, КР президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова, маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, экс-депутат Адыл Жунус, “Манас” Улуттук Академиясынын, Улуттук “Манас” театрынын, “Мурас” фондунун жана Аздек-Дүйнө фондунун жетекчилери, эксперттер, илимпоздор, манасчылар, төкмө акындар, журналисттер, блогерлер, ошондой эле, Кыргызстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан жана түркиялык кыргыздардан атайын баяндамачылар жана өкүлдөр катышты.

Конференцияда Кыргызстандан Назгүл Турдубаева “Жусуп Мамайдын “Манасынын” түп нускасы жана котормолору”, кытайлык кыргыздардан Дабыт Абдылбары “Манас эпосунун кытайда жарык көргөн үч варианты”, Нуртилек Маметтурду “Кытайдагы Манас маданиятынын жалпы абалы, Тажикстандык кыгыздардан Акылбек Атабаев “Манас эпосу Сары-Кол кыргыздарынын варианты боюнча”, Данияр Карабаев “Манас Discovery сайты”, өзбекстандык кыргыздардан Али Турганбаев “Өзбекстандагы Манас маданияты”, ооганстандык кыргыздардан Рашид Абдулвали “Ооганстан (Памир) кыргыздарында Манас” темасында баяндама жасады.

 

Ал эми Улуттук “Манас” театрынын өнөрпоздору манас айтып, төгүп, ырдап жыйынды көркүнө чыгарышты.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө КР президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев уюштуруучуларга ыраазылык билдирип, улуттук комиссия тарабынан “Манас” эпосуна арналып чыгарылган китептерди белекке берди.

 

Конференцияда Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгы жана Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун 70 жылдыгына байланыштуу дагы сөздөр сүйлөндү.

 

“Мурас” фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов “100 жылдык мамлекеттин түзүлүшү”, “Манас” академиясынын президенти Талантаалы Бакчиев “КРдагы Манас эпосу боюнча изилдөөлөрдөгү актуалдуу маселелер” жөнүндө айтып берди.

Манас эпосу кеңири талкууланып, кылымдар бою кыргызды бириктирген эбегейсиз орду айтылды. Манас кыргыз рухунун туу чокусу болсо, адамзаттын эбегейсиз маданий баалуулугу экени, аны татыктуу деңгээлде даңазалоо үчүн тиешелүү иштер аткарылышы керектиги белгиленди.

 

“Тарыхыбыздын таажысы болгон Манас темасында талкуу куруп, баалуулуктарыбыздын алкагында башыбыз биригип жатканы кандай бакыт. Кыргызстан өлкө катары өз аймагы менен бир бүтүн болсо, кыргыздар эл катары жалпы маданияты менен бир бүтүн эмеспи. Ошондуктан аалам кыргыздары өз ара бири-бирин толуктап турат. Бизди бириктирген маданиятыбыз жана аны жашаткан жакшыларыбыз бар болсун. Маданий-гуманитардык алакалар арбып, өз ара өсүп, өнүгүүгө өбөлгө бололу”, – деди этностан маданий борборунун жетекчиси Каныбек Толкун уулу.

 

Муну менен катар, этникалык кыргыздардын маданияты, Манас эпосун кантип сактап келе жатышканы тууралуу докладдар окулуп, тарыхы тууралуу маалыматтар берилип, учурдагы абалы жана келечеги жөнүндө талкуу болду.

 

Маалымат үчүн: “Этностан” маданий борбору 2021-жылы кытайлык кыргыз Каныбек Толкун уулунун демилгеси менен негизделген. Бирикменин максаты — маданий-гуманитардык байланыштарга көпүрө болуу. Этникалык кыргыздарды колдоо, маданиятын таанытуу жана жайылтуу.

Связанный пост