Кыргызстанда “мафиялык түзүлүштөргө” каршы күрөш уланууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжде сүйлөп жатып айтты. Анын айтымына караганда, коом акыркы күндөргө чейин “тартипсиз” болуп кеткен. “Коомдо олигархтар, мамлекеттик ууру чиновниктер, криминалдык топтор пайда болгон. Ушул үч топ биригип, “мафиялык түзүлүштөрдү” түзгөн. Бүгүнкү күнгө чейин күрөшүп […]Читать далее
Жол кырсыктарын алдын алууга багытталган жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. 2024-жылдын 3-апрелинде Ысык-Көл облусунда ИИМдин ЖКККББнын демилгеси менен жол кырсыктарын алдын алуу жана ага карата тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү багытында жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын […]Читать далее
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжине барды. Алгач УКМК төрагасы курулушу жүрүп жаткан РСКнын жазгы футбол аянтчасынын абалы менен таанышып, аталган жерге заман талабына жооп берген кошумча шарттарды түзүп берүүнү убадалады. Аны менен катар колледждин айланасындагы эс алуу […]Читать далее
2024-жылы санариптештирүүгө өткөн жылдарга салыштырмалуу 100,0 млн сомго көбөйүп, 600,0 млн сом каралды Санариптик трансформациялоо жана санариптик экономиканы жигердүү өнүктүрүү боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу, ошондой эле заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды бардык тармактарга жана аймактарга кеңири жайылтуу максатында «Санариптик Кыргызстан 2019- 2023” санариптик трансформация концепциясы бекитилди. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2019-2023-жылдар аралыгында жыл сайын “Санариптик экономикага” […]Читать далее
Күн мурун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинде Үрүмчү мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Ли Цинхуа баштаган КЭР Башкы бажы башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Ведомстводон маалымдашкандай, ага министрликке караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директору Д.Кенжебаев, Ветеринардык кызматтын директору У.Кожобергенов жана Агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын төрагасы […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 2-апрелине карата 499 миң 918 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Тапшыргандардын ичинен 57 миң 270 юридикалык жактар, 112 миң 63 жеке ишкерлер, 264 миң 808 жеке жактар, ошондой эле 65 миң 777 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү салык декларациясын кийинкиге калтырбастан […]Читать далее
Жалал-Абад облусундагы “Арстанбап” пансионаты менен “Арстанбап-Ата” турпансионаты мамлекетке өттү. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымына караганда, президенттин тапшырмасы менен аталган эс алуу жайларына жаңы дем берилет. “Профсоюздар федерациясынын карамагындагы дээрлик баардык эс алуу жайлар талкаланып, жараксыз абалга келген. Биздин миссия инвестициялык долбоорлор же өз күчүбүз менен заман талабына ылайык […]Читать далее
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланыштуу акрыкы маалыматтарга карата түшүндүрмө берип, ЖЭБди ири суммадагы каражатка оңдоодон өтөт деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирди. Анын маалыматына караганда, буга чейин бир катар маалымат каражаттарында “ТВЕА Бишкек ЖЭБинин эки блогун оңдоого 1 млрд 140 млн доллар салат” деген маалымат тарап, кийинчерээк […]Читать далее
2024-жылдын март айында Кыргызстандын Россиядагы элчилиги канцеляриялар менен бирдикте РФнын аймагында убактылуу жүргөн КР жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүздү. Элчиликтен маалымдашкандай, анын ичинде төмөнкү иштер аткарылды: РФ компетенттүү органдарына 22 жолу барды; 57 КР жараны административдик жоопкерчиликтен, 2 жаран кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду; РФ сот органдарына жана сот актыларына апелляциялык […]Читать далее
Бүгүн, 3-апрелге карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 276 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 331 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 331 куб метрди түзүүдө. Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.Читать далее