ОшМУнун клиникасында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы жасалып баштайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУдагы иш сапары учурунда айтты. Алгачкы боор алмаштыруу операциясы Түркиянын Инөнү (İnönü) университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери менен биргеликте жасалат. “Кыргызстанда адам органдарын алмаштыруу боюнча операцияга муктаж жарандардын саны жыл санап өсүп келет. Буга […]Читать далее
Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүндө мээге татаал операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашты. Операцияга КР Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор Миталип Мамытов жана кафедра башчысы Бакыт Карачев баштаган нейрохирургия бөлүмүнүн дарыгерлери катышты. 2016-жылы Жалал-Абад облусунда туулган бейтапка баш мээнин 4-карынчасынын түбүндөгү көлөмдүү шишик деген диагноз коюлган. […]Читать далее
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ЛОР бөлүмүнүн дарыгерлери балдарга уникалдуу операцияларды жасашты. Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, уникалдуу операциялар дарыгерлердин казакстандык кесиштеши отохирург, профессор Айгуль Медеулова менен биргеликте балдардын угуу органдарына жасалды. “Жалпысынан кийин пайда болгон жана тубаса оор патологиясы бар 7 балага операция жасалды. Тимпанопластика, тубаса холеостотоманы алып салуу, ортонку баш сөөк […]Читать далее
Улуттук госпитал диагностикалык текшерүүлөрдү, ошондой эле атайын транспорт менен бейтаптарды
Улуттук госпитал диагностикалык текшерүүлөрдү, ошондой эле атайын транспорт менен бейтаптарды ташуу кызматын көрсөтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда магниттик-резонанстык томография (МРТ) кабинети, компьютердик томография кабинети жана ангиография кабинети иштейт. Бейтаптар дарыгердин жолдомосу менен кабыл алынат. Изилдөө баасы: – МРТ текшерүү […]Читать далее
ШКУ өлкөлөрү жаш окумуштуулардын академиясын түзүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан эл аралык медициналык конгресстин алкагында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге берген маегинде билдирди. Анын айтымында, он күн мурун Астанада ШКУга мүчө өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрлеринин жыйыны болгон. Анда медицинаны биргелешип өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюлду. “Катышуучулардын ар биринин жакшы […]Читать далее
Кыргызстан менен Россиянын Саламаттык сактоо министрликтери тармактык кызматташтыкты өнүктүрөт
Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Россиянын саламаттык сактоо министринин орун басары Андрей Плутницкий менен жолугушту. Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуу күн мурун Астана шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 7-жыйынынын алкагында болуп өттү. Жолугушууда тараптар фармацевтика тармагын өнүктүрүүгө, инфраструктураны жакшыртууга жана дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыздоого басым жасап, саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуунун негизги […]Читать далее
Кыргызстан менен Өзбекстан саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгын арттырат. Бул тууралуу маселе КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Өзбекстандын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Асилбек Худояровдун жолугушуусунда талкууланды. Ведомстводон билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу ушул күндөрү Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 7-жыйынына катышуунун алкагында өттү. Жолугушууда ведомстволордун жетекчилери саламаттык […]Читать далее
Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ирандын саламаттык сактоо министри Бахрам Эйноллахи менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, жолугушуу күн мурун Астана шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 7-жыйынынын алкагында болуп өттү. Жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн, атап айтканда, фармацевтиканы өнүктүрүү, кадрдык потенциалды жогорулатуу жана тажрыйба алмашууну […]Читать далее
Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, жолугушуу күн мурун Астана шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 7-жыйынынын алкагында болуп өттү. Жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Бейшеналиев кесиптешин кызматка дайындалышы […]Читать далее
Түркиялык медициналык адистер Кыргызстандын органдарды трансплантациялоого даярдыгын баалап жатышат
Кыргызстандагы клиникалардын боор жана жилик чучугун трансплантациялоо боюнча жогорку технологиялык операцияларды жүргүзүүгө даярдыгын баалоо үчүн Бишкекке Инөнү университетинин ректору, академик Ахмет Кызылай баштаган түркиялык медициналык адистерден турган делегация келди. Иш сапардын алкагында делегация Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Улукбек Ормонов менен бирге Улуттук хирургиялык борборго жана Эне […]Читать далее