Бишкекте 7 баланын угуу органына уникалдуу операциялар жасалды

 Бишкекте 7 баланын угуу органына уникалдуу операциялар жасалды

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ЛОР бөлүмүнүн дарыгерлери балдарга уникалдуу операцияларды жасашты.

 

Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, уникалдуу операциялар дарыгерлердин казакстандык кесиштеши отохирург, профессор Айгуль Медеулова менен биргеликте балдардын угуу органдарына жасалды.

 

“Жалпысынан кийин пайда болгон жана тубаса оор патологиясы бар 7 балага операция жасалды. Тимпанопластика, тубаса холеостотоманы алып салуу, ортонку баш сөөк чункурчасынын катуу мээ чел кабыгындагы кемтикти сөөк мому менен жабуу жана ортонку кулакты тимпонопластика менен санитардык тазалоо боюнча операциялар жасалды”, – деп айтылат маалыматта.

 

Балдардын операциядан кийинки абалы туруктуу, үйлөрүнө чыгууга камданып жатышат.

Связанный пост