Кыргызстанда бир жумада, 5-11-декабрга чейин, COVID-19дун 10 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты Сактоо Министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, эки бейтап – ооруканага жаткырылган, сегизи амбулатордук дарыланууда. Тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча […]Читать далее
Балдардын арасында дем алуу органдарынын патологиясы көбөйгөнүнө байланыштуу, шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлору бейтаптарды дем алыш күндөрү дагы кабыл алууда. Ушул себептен улам, Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жана Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага медициналык жардам сурап кайрылган бейтаптардын саны жогорулады. Респиратордук патологиясы бар балдарды ооруканага жаткыруу жана […]Читать далее
Мамадалиев Тилек Абдыганыевич саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Ал 2016-жылдан бери саламаттыкты сактоо министринин жардамчысы болуп иштеп келген. Мамадалиев саламаттыкты сактоо министринин орун басары кызматында 6 ай иштеген Жаркынбек Касымбековдун ордуна келди.Читать далее
Саламаттык сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков кызматынан бошотулду. Кабарды министрликтин маалымат кызматы тастыктады. Касымбеков бул кызматка ушул жылдын 4-июнунда мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиевге кылмыш иши козголуп, жумуштан четтетилгенден кийин дайындалып, ага министрдин милдетин аткаруу да жүктөлгөн. Министрликке жаны жетекчи болуп 23-августта Гүлнара Баатырова дайындалып, Касымбеков орун басар катары иштеп келген. Касымбековдун кызматтан кетишинин себеби […]Читать далее
Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин директору болуп Айнура Абалиева дайындалды
Бүгүн 22-ноябрда Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Аппаратынын чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти Жыпариса Рыспекова Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин жамаатына жаңы директорду тааныштырды. Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы №752 буйругуна ылайык, Департаменттин директору болуп Абалиева Айнура Имамазановна дайындалды.Читать далее
Учурда Кыргызстан рак оорусу боюнча 4-орунда турат. Бул тууралуу Бишкек шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекова ЭлТР каналына берген маегинде билдирди. “Дүйнө жүзүндө папиллома вирусуна каршы эмдөө 2006-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Ал эми биздин өлкөдө бул вируска каршы эмдөө жүргүзүлгөн эмес. Учурда Кыргызстан рак оорусу боюнча 4-орунда турат. Жыл сайын 600гө […]Читать далее
Кыргызстанда COVID-19га антителолордун бар-жогун изилдөөнүн 3-баскычы жүрүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, министрликтин 2022-жылы 10-октябрдагы №1199 “КР калкынын арасында COVID-19га карата калктын иммунитетин баалоо боюнча изилдөөнүн үчүнчү этабын өткөрүү жөнүндө” жана Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын жыргалчылыгын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы менен кызматташуунун алкагында 2022-жылдын 31-октябрынан 4-ноябрына чейин ар кандай курактагы […]Читать далее
Түркиянын Стамбул шаарында 30-31-октябрда Түрк медицинасынын VIII дүйнөлүк конгресси өттү. Конгресске Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жана саламаттык сактоо тармагындагы окумуштуулар катышты. Конгрестин жүрүшүндө глобалдык жеткирүү чынжырларында кызматташтыктын туруктуу моделдерин түзүү, саламаттык сактоодогу изилдөөлөр, санариптик трансформация жана жасалма интеллект, залалдуу шишиктер, сейрек кездешүүчү оорулар, геном жана анын келечеги, Түрк фармакопеясы жана аны колдонуу эрежелери […]Читать далее
Биринчи май районунун администрациясы бүткүл дүйнөлүк инсульт күнүнө карата КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын дарыгерлерин сыйлады. Акимиаттын Ардак грамоталарын жана ыраазычылык каттарын башчынын орун басары Аида Рысбаева тапшырды. Ардак грамоталар төмөнкүлөргө тапшырылды: – Ырысов Кеңешбек Бакирбаевич-нейрохирург, И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу иштери боюнча проректору; – Каримов Жеңишбек Маликович-нейрохирург, С. Б. […]Читать далее
2022-жылдын 1-ноябрынан тартып Кыргыз Республикасында коронавирустук инфекцияга байланыштуу өзгөчө абал режими алынып салынат. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Мындай чечим Кыргыз Республикасынын аймагында (COVID-19) боюнча эпидемиологиялык абалдын турукташуусуна жана коронавирустук инфекция оорусуна чалдыккандардын катталуусунун төмөндөшү уланып жатканына байланыштуу кабыл алынды. Белгилесек, өзгөчө кырдаал режими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы […]Читать далее