Кыргызстан рак оорусу боюнча 4-орунда турат

 Кыргызстан рак оорусу боюнча 4-орунда турат

Учурда Кыргызстан рак оорусу боюнча 4-орунда турат. Бул тууралуу Бишкек шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекова ЭлТР каналына берген маегинде  билдирди.

“Дүйнө жүзүндө папиллома вирусуна каршы эмдөө 2006-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Ал эми биздин өлкөдө бул вируска каршы  эмдөө жүргүзүлгөн эмес. Учурда Кыргызстан рак оорусу боюнча 4-орунда турат. Жыл сайын 600гө жакын аял кишилер жатын моюнчасынын рагына чалдыгат, алардын ичинен 300 аял бул оорудан көз жумат”- деп  айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: 14-ноябрда Кыргызстанда 11 жаштагы кыздар үчүн адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө башталат.

Связанный пост