Бүгүн, 15- ноябрда “Ала-Тоо”кинотеатрында Италия киносунун күндөрү ачылды. Иш-чаранын расмий ачылышына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Кинематография департаментинин директору Акжолтой Бекболотов, Италиянын Маданият министрлигинин кино жана аудиовизуалдык искусство башкы башкармалыгынын атайын долбоорлордук жетекчиси Роберто Стабиле катышып, сөз сүйлөштү. Марат Тагаев өз сөзүндө 17- ноябрдан баштап Бишкекте биринчи […]Читать далее
Бишкекте өтүүчү Эл аралык кинофестивалдын биринчи конок өлкөсү – Туркия. Фестивалдын алкагында Түрк киносу жумалыгы уюштурулат жана белгилүү актриса Түркан Шорай фестивалдын ардактуу коногу болот. Ал Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” повести боюнча 1977-жылы Түркияда тартылган “Селви бойлум ал язмалым” тасмасында башкы каармандын ролун ойногон. Борбор калаа Бишкекте 2023-жылдын 17-ноябрынан 22-ноябрына чейин өтө турган Бишкек эл аралык […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 17-21-ноябрь күндөрү Бишкекте биринчи жолу “Бишкек эл аралык кинофестивалы” өтөт. Фестиваль, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылынын 20-майындагы “Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын негизинде уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналып өткөрүлүүдө. Иш-чарада эки башка категорияда сынак өткөрүлүп, эл аралык […]Читать далее
Бүгүн, 2- ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Майрамдык салтанатка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, маданият тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү, эл артистери жана кеңири коомчулук катышты. Иш- чара алдында 2023-жылдын ичинде жасалган алгылыктуу жетишкендиктер тууралуу […]Читать далее
Маданиятты жана искусствону өнүктүрүү максатында 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен маданият кызматкерлеринин күнү бекитилген, анын максаты кыргыз элинин маданий жана тарыхый мурастарын андан ары сактоо жана пропагандалоо болуп саналат. Республикада театралдык искусство өткөн кылымдын 20-жылдарында жарала баштаган. 1918-жылы Караколдо биринчи элдик театр түзүлгөн, анын театр ышкыбоздор группасы, негизинен жергиликтүү мугалимдерден турган. 1920-жылы Пишпек, Каракол […]Читать далее
Фрунзе үй-музейинде “Санарип архив бөлмөсү” ачылды. Ачылыш Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ли Вон Чжэ мырза, Бейзаттык маданий мурастарды изилдөө борборунун директору Хам Ханки айым, Азия маданият борборунун директорунун орун басары Ли Жонгран,Тышкы иштер министринин мурунку орун басары Динара Кемеловалар катышуусунда өттү. Алтынбек Максутов өз сөзүндө […]Читать далее
Алтынбек Максутов Кытай Эл Республикасынын Маданият жана туризм министри Ху Хэпин менен жолугушту Бүгүн, 27- октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов менен Кытай Эл Республикасынын Маданият жана туризм министри Ху Хэпиндин жолугушуусу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өз ара умтулууларын белгилешти. Тактап айтканда, Алтынбек Максутов Кытайга […]Читать далее
Бүгүн, 27-октябрда белгилүү кинорежиссер Динара Асанованын жаркын элесине арналган «QarashLab» кино фестивалынын ачылыш аземи «Ала-Тоо» кинотеатрында өттү. Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Эдиль Байсалов, Кинематография департаментинин директору Акжол Бекболотов жана чет элдик жана кыргызстандык кинематографисттер, искусство жана маданият ишмерлери, бизнес коомчулугунун өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышышты. Эдиль Байсалов «QarashLabдын» алкагында көптөгөн жаңы […]Читать далее
24-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Дагестан Республикасынын эл акыны Расул Гамзатовдун 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш – чара өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Дагестан Республикасынын Элдик жыйынынын Төрагасы Заур Аскендеров, Кыргызстан Калкы ассамблеясынын Төрагасы Алманбет Матубраимов, Россия Федерациясыны Кыргыз Республикасындагы Ыйгарым […]Читать далее
Бүгүн, 7- сентябрда Т. Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында Борбордук Азия жана Кытай элдеринин маданият жана искусство жылынын алкагында “Шаньдун провинциясынын меймандостугу, Жибек жолундагы көп кылымдык достук” аттуу иш- чарасы өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Шаньдун провинциясынын парткомунун Туруктуу комитетинин Башкы катчысы Чжан Хайбо, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар […]Читать далее