Кыргызстан менен Катардын маданият министрлери медиа тармагында тажрыйба алмашууну макулдашты

 Кыргызстан менен Катардын маданият министрлери медиа тармагында тажрыйба алмашууну макулдашты
23-январда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Катар Республикасынын Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүнүн алкагында Катар Мамлекетинин маданият министри шейх Абдулрахман бен Хамад бин Джассим бин Хамад Аль Тани мырза менен жолукту. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Жолугушууда тараптар маданият тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жолдорун талкуулашты.
Алтынбек Максутов Катар тарапка жылуу кабыл алуу жана меймандостук мамиле үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз тараптын эки тараптуу маданий байланыштарды бекемдөөгө умтула берүүнү баса белгиледи.
Катардын Маданият министри өз кезегинде эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү Катардын Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль-Танинин 2023-жылы Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бекемделгенин белгиледи. Министр ошондой эле кыргыздын салттуу маданиятына суктануусун билдирди.
Мындан тышкары, аталган жолугушууда тараптар медиа тармагында тажрыйба алмашуу жана Кыргызстан менен Катардын маданияты, тарыхы, каада-салттары тууралуу тасма тартып, эки өлкөнүн элдерине тааныштыруу максатында тиешелүү адистердин өз ара иш сапарларын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишти.

Связанный пост