Катарда Кыргызстандын маданият күндөрү өттү

22-24-январь күндөрү Катардын Доха жана Лусаил шаарларында Кыргызстандын маданият күндөрү өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын маданият министри Алтынбек Максүтов жана Катардын маданият министри Шейх Абдуррахман бин Хамад бин Джасим бин Хамад Аль Танинин катышуусунда өттү.

Чыгармачылык программанын биринчи бөлүгү Кыргызстандын улуттук павильонунда көрсөтүлсө, экинчи бөлүгү “Hello Asia” фестивалынын чоң сахнасында болуп өттү. Анда Ч.Исабаев атындагы Камбаркан фольклордук-этнографиялык ансамбли, “Ак марал” ансамбли, ошондой эле Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын артисттери концерттик программасын тартуулады.

Маданият күндөрүнүн жүрүшүндө көптөгөн конокторго улуттук кол өнөрчүлүктүн буюмдары көрсөтүлүп, улуттук булгаарыдан жасалган кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында катарлыктар кыргыз элинин чыгармачылыгы жана маданий мурастары менен таанышып, кыргыздардын көчмөн маданияты менен байланыша алышты.

Связанный пост