IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрдан 2-октябрга чейин “Биримдикти жана салтты сактайбыз, келечекке карайбыз!” деген ураан алдында өттү. Көчмөндөр оюндарына 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышты. Ал эми Кыргызстандын атынан 148 спортчу 11 спорттун түрүнөн күчүн сынады: көк бөрү, алыш бел боо күрөшү, татар күрөш, аба күрөшү (ашыртмалы, капышмалы), пахлавани, казак күрөшү, […]Читать далее
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасын Түркиянын Жаштар жана спорт министри Мехмет Муххарем Касапоглу Казакстандын маданият жана спорт министри Даурен Абаевге өткөрүп берди. Ал эми IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрдан 2-октябрга чейинки аралыкта өттү. Көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын […]Читать далее
БАШТЫ КӨТӨР, МАНАС БАБАМ ДУХУ БАР… Баткен тарап алоолонуп от жанат, Баатыр элбиз, Мекен коргоп кан тамат. Ар-намыс бар, жерибизди бербейбиз, – Душмандардан өч алабыз талкалап… Башты көтөр, Манас бабам духу бар, Эркиндиктин желбиреген туусу бар. Башкалардын ичи күйүп жетпеген, – Мөңгүлөрдөн агып турган суусу бар. Кимиң барсың Мекениңди сүйбөгөн, Манас духун алга алып жүрбөгөн. […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Изника шаарындагы (Түркия Республикасы) «Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» стадионунда өткөн Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Ачылыш аземи башталардын алдында мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган учурашып, андан соң эки өлкөнүн президенти, ошондой эле башка делегация башчылары Оюндардын ачылыш […]Читать далее
Түркиянын Бурса шаарында өтүп жаткан “Манас жумалыгынын” алкагында Кыргыз Респбуликасынын эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаков манас айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк Гиннестер китебине 124 саат убакытка манас айтуу боюнча катталды. IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн “Манас жумалыгынын” жабылуу аземине мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касамбетов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, маданият, маалымат, спорт жана […]Читать далее
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Бурса шаарында өткөн (Түркия Республикасы) “Манас жумалыгынын” жабылуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан кабарлашты. Иш-чарадагы сөзүндө Мамлекеттик катчы “Манас” эпосу жалпы адамзат баалуулуктарынын чыныгы энциклопедиясы, озеки чыгармачылыктын туу чокусу болуп саналарын белгиледи. “Кантсе да, биз кыргыздар дүйнөлүк маданиятка, анын ичинде түрк тилдүү […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров «Манас» үчилтигин жана Ч. Т. Айтматовдун чыгармачылык мурасын ар тараптан иликтөө жана изилдөө шарттарын түзүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Азыркы мезгилде «Манас» эпосу кыргыз элин бириктирүүчү иденттүүлүктүн жана эгемендиктин идеологиялык фактору катары зор мааниге ээ болгондугуна байланыштуу аны мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз […]Читать далее
Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын атынан 148 спортчу катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Көчмөндөр оюндарына 30га жакын маданият ишмерлери салтанаттуу ачылыш аземдин чоң программасына катышат. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 18:00дө башталуусу пландалууда. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов кыргызстандыктарды 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады. Урматтуу мекендештер! Ардактуу кыргызстандыктар! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктайм! Бабалардан калган баалуу мурасыбыз – мамлекеттик тилибиз кылымдарды карыткан улуу тил. Бул тил менен ааламда жок океандай алп “Манас” дастаны жаралып, […]Читать далее
Бөрү – Түркиядагы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумарына айланат. Бул тууралуу видео оюндун расмий сайтында жарыяланды. Эскерте кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин Түркиянын Изник шаарында өтөт. Кыргызстандын атынан жалпы 148 спортчу катышат.Читать далее