Бүгүн, 16-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Кыргыз эл артисти, белгилүү куудул Келдибек Ниязовдун 70 жылдык мааракеси белгиленет. Маараке ырчы, куудулдардын катышуусундагы чоң программадагы автордук концерт менен коштолот. Салтанаттуу кече саат 18: 30 да башталат.Читать далее
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата 2022-жылдын 15-18-ноябрь күндөрү “Абдумомуновдун жумалыгы” өтөт. Жумалык 15-ноябрда “Абийир кечирбейт” спектакли менен ачылды. 15.11.22. Т.Абдумомунов “Абийир кечирбейт” 18-30 16.11.22. Т.Абдумомунов “Абийир кечирбейт” 18-30 17.11.22. Т.Абдумомунов “Карагул ботом”18-30 18.11.22. Т.Абдумомунов “Карагул ботом”18-30Читать далее
Самарканд шаарында Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышуучу өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынынын алкагында Алишер Навои атындагы «Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн» эл аралык сыйлыгы көрүнүктүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовго көзү өтүп кеткенден кийин ыйгарылды. Аталган сыйлыкты ыйгаруу ТМУга катышуучу-өлкөлөрдүн Мамлекет башчыларынын Чечими менен кабыл алынган. Бул эл аралык премияны Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын Президенти Садыр […]Читать далее
Алтынбек Максутов “Манас жана Ч. Айтматов” атындагы Улуттук академиясынын президенти Талантаалы Бакчиев жана Китеп палатасынын директору Койчуман Момункуловду кабыл алды. Алтынбек Максутов аталган эл аралык иш- чарада баш байгени жеңип алышы менен куттуктап, алар менен бирге “Манас” эпосун даңазалоо жана илим жаатында жасалып жаткан иштер тууралуу баарлашты. Жолугушууда «Манас» эпосунун сериясы түйшүктүү жана жаратман эмгек […]Читать далее
Улуттук тарых музейинде “Өнөр ааламы – ArtSpace” республикалык маданият форуму өттү. Иш- чаранын жүрүшүнө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов катышып, маданий саамалыктын өтүп жатышы жана анын мааниси тууралуу сөз сүйлөп, аталган форумга колдоо көрсөткөн бардык тараптарга жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди. Иш-чара “Устатшакирт” салттык музыка борбору тарабынан уюштурулуп, ал музыка, […]Читать далее
Бүгүн, 9- ноябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Түрк дүйнөсүнүн II Эл аралык “Коркут Ата” кинофестивалында көрсөтүлгөн “Үй сатылат” (реж. Таалайбек Кулмендеев) толук метраждуу тасмасынын башкы каарманы Калипа Таштанова “Эң мыкты актриса” наамына ээ болушу менен куттуктап, кинофестивалдын статуэткасын тапшырды. Алтынбек Максутов мындай сыймык алып келген кыргыз киносунун ийгилиги […]Читать далее
Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору-Бурса шаарында ТУРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин 39-жыйыны өттү. Жыйынга Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстандын Түркмөнстан ж.б. өлкөлөрдүн маданият министрлери жана эл аралык ТУРК-ПА уюмунун катышуусунда болуп, анда 2023-жылы түрк дүйнөсүндө масштабдуу белгилене турган иш-чаралар талкууланып, Кыргызстандын атынан советтик кыргыз театр жана кино актрисасы СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССР Кинематографисттер союзунун мүчөсү Бакен Кыдыкееванын 100 […]Читать далее
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук “Манас” театры, Республикалык “Айтыш” коомдук фонду, Токтосун Тыныбеков атындагы коомдук фонду менен биргеликте КР Президентинин «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыгынын алкагында, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, төкмө акын, обончу, комузчу, кыл кыякчы Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына карата, «Айтыш – 2022» Республикалык төкмө акындар айтышын өткөрөт. Айтыштын жарым […]Читать далее
“Келечек” мамлекеттик жаштар платформасынын алкагында, Кыргызстан Жаштар күнүнүнө карата 2022-жылдын 7-12-ноябрында Бишкек шаарында билим берүү, креативдүү индустрия, ден соолук темаларына арналган “Жаштар жумалыгы” өтүп жатат. Ошондой эле, жумалыктын алкагында “Жаштар уюмдарынын жарманкеси” уюштурулууда. Жаштар жумалыгы ар кандай тематикалык иш-чаралар жана демилгелер аркылуу жаштарга сунушталган мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берүү максатында өткөрүлүүдө. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Дүйнө жүзүндө коомдук пикир жаратып, элди туура нукка буруунун башкы куралы бул – жалпыга маалымдоо каражаттары. Өлкө турмушундагы саясий, социалдык-экономикалык маанилүү окуяларды […]Читать далее