“Манас” китептеринин сериясы “TASHKENT BOOK FEST – 2022” сынагында баш байгени жеңип алды

 “Манас” китептеринин сериясы “TASHKENT BOOK FEST – 2022”  сынагында баш байгени жеңип алды
 Алтынбек Максутов “Манас жана Ч. Айтматов” атындагы Улуттук академиясынын президенти Талантаалы Бакчиев жана Китеп палатасынын директору Койчуман Момункуловду кабыл алды.
Алтынбек Максутов аталган эл аралык иш- чарада баш байгени жеңип алышы менен куттуктап, алар менен бирге “Манас” эпосун даңазалоо жана илим жаатында жасалып жаткан иштер тууралуу баарлашты.
Жолугушууда «Манас» эпосунун сериясы түйшүктүү жана жаратман эмгек катары бааланып, Өзбекстандын окурмандары арасында популярдуулукка ээ экендигин уюштуруучулар тарабынан белгиленгендиги айтылды.
Эске салсак, аталган сынак, 2022- жылдын 5- ноябрында Өзбекстанда өткөн. Жалпысынан иш -чарага 77 басылма катышып, алардын арасынан Кыргызстандан “Манас жана Ч. Айтматов” Улуттук академиясынын “Манас” китептеринин сериясы баш байгени жеңип алган.

Связанный пост