“Келечек” мамлекеттик жаштар платформасынын алкагында, Кыргызстан Жаштар күнүнүнө карата 2022-жылдын 7-12-ноябрында Бишкек шаарында билим берүү, креативдүү индустрия, ден соолук темаларына арналган “Жаштар жумалыгы” өтүп жатат. Ошондой эле, жумалыктын алкагында “Жаштар уюмдарынын жарманкеси” уюштурулууда. Жаштар жумалыгы ар кандай тематикалык иш-чаралар жана демилгелер аркылуу жаштарга сунушталган мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берүү максатында өткөрүлүүдө. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Дүйнө жүзүндө коомдук пикир жаратып, элди туура нукка буруунун башкы куралы бул – жалпыга маалымдоо каражаттары. Өлкө турмушундагы саясий, социалдык-экономикалык маанилүү окуяларды […]Читать далее
Бүгүн, 4-ноябрда Ош шаарынын мэриясында 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлоо иш-чарасы өттү. Ош шаарынын мэриясы менен тыгыз кызматташып, жергиликтүү бийлик менен элдин ортосуна көпүрө болгон ЖМК өкүлдөрүн мэр Алмаз Мамбетов куттуктады. Мэр өз сөзүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Ош шаарында жасалып жаткан иштерди, жетишкендиктерди […]Читать далее
4-ноябрь күнү, саат 15-00до Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде Гапар Айтиевдин 110 жылдык мааракесине жана Семен Афанасьевич Чуйковдун 120 жылдык мааракесине арналган, “Башат” – “Истоки” аталган Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун күзгү республикалык көргөзмөсүнүн ачылышы болот. Көргөзмө 5-22-ноябрга чейин көрсөтүлөт. Экспозицияда көркөм кол өнөрчүлүк, скульптура, графика, живопись чыгармалары коюлган. Салттуу чыгармалар ошондой эле жаңы […]Читать далее
Майрамдын урматына Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында майрамдык иш-чара уюштурулуп, ага мурдагы маданият министрлери, эл артисттер, ошондой эле маданияттын ар тармагында (билим берүү берүү, оюн-зоок мекемелеринде, маданият клубдарда, массалык маалымат кызматтарында, театр, музей, китепкана) эмгектенген кызматкерлер чакырылды. Маданият кызматкерлерине жана өнөрпоздорго мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек […]Читать далее
Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына карата өзү туулган Кызыл-Октябрь айылында эстелиги ачылды. Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов катышып келди. Иш – чарада Корчубек Акназаровдун эли үчүн жасаган эмгеги жана адамдык парасаты эскерилип, өрнөктүү жашаган өмүр жолу тууралуу жылуу пикирлер айтылды.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу маданият жана искусство ишмерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Маданият кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм! Ааламдашуу арааны жүрүп, дүйнө өзгөрүп жатканда биз дагы аны менен бирге өзгөрүүдөбүз. Бирок кандай гана өткөөл мезгилдер болбосун, маданий баалуулуктарыбыз биздин жашообуздун эң […]Читать далее
Эртең, 2- ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет. Программа боюнча саат 12:00 филармониянын кичи залында маданият кызматкерлерине Министрликтин ведомстволук сыйлыктары тапшырылат. Ал эми, саат 14:00дө чоң залда атайын даярдалган концерттик программа өтөт.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве айымды кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жаштар темасындагы туруктуу өнүгүү максаттарын жана ишке ашыруу алкагында жүрүп жаткан биргелешкен долбоорлорду талкуулашты. Андан ары тараптар Кыргыз Республикасындагы Кыргыз Республикасынын жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү Кыргыз жараны Концепциясын ишке ашыруу боюнча пикир […]Читать далее
Бүгүн, 1-ноябрда коомдук жана саясий ишмер, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына карата иш-чара өзү туулган Талас облусунун Бакай-Ата районунун, Акназаров айыл өкмөтүнө караштуу, Кызыл-Октябрь айылында, саат 10:00дө башталат. Корчубек Акназаровдун элине кылган эмгегин эскерүү үчүн борбордон Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин […]Читать далее