Бишкекке 288 даана коомдук транспорт сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров брифингде билдирди. Анын маалыматына караганда, жыл соңуна чейин бюджеттин эсебинен алынып жаткан Isuzu маркасындагы 68 автобус келет. Ал эми 2025-жылдын 1-кварталында Азия өнүктүрүү банкы аркылуу 120 электробус жана Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу 100 автобус алынат. […]Читать далее
Транспорттук көзөмөлдү күчөтүүнүн натыйжасында 9 айдын ичинде өлкө казынасына 86 млн 248 миң сом түшүп, көрсөткүч 2 эсеге жакшырды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 2024-жылдын 9 айынын ичинде жүргүнчү жана жүк ташыган 520 794 унаа текшерилди. Анын жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 6 150 протокол […]Читать далее
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 10-октябрда мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелерине арналган кереге кеңеш өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Иш-чарага президенттин администрациянын өкүлдөрү, КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жетекчилиги, ЖОЖдордун ректорлору, профессорлор, окутуучулар, коомдук ишмерлер, жаштар жана ЖМК өкүлдөрү катышты. Кереге кеңештин негизги максаты – мамлекеттик тилдин позициясын мындан […]Читать далее
Кыргызстандыктар ноябрь айында төрт күн катары менен эс алышат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, Эмгек кодексине ылайык, 7 жана 8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жумуш эмес майрам күндөрү катары аныкталды. Бул күндөр бейшемби жана жума күндөргө туура келгендигине байланыштуу жумасына беш күн иштеген кызматкерлер 7-ноябрдан 10-ноябрга чейин эс ала алышат.Читать далее
Энергетика министрлиги 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыз кылуу максатында тынымсыз иш алып барууда. Ведомстводон маалымдашкандай, учурда калктын көмүр сатып алуусуна ыңгайлуу шарт түзүү максатында өлкө боюнча көмүр отун базалары ачылды. Президентинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн оперативдүү маалыматтары боюнча, калк үчүн көмүр сатуу пунктарынын саны 477 түзөт. Мунун ичинен Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 11-октябрда күндүн экинчи жарымында жана 12-октябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлүүдө. Ал эми Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын […]Читать далее
Финансы министри Алмаз Бакетаев Бишкектин түндүгүндө жайгашкан жаңы Ош базардын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. “Ордо курулуш” подряддык уюмунун өкүлдөрү маалымдагандай, базарга тогуз чоң павильон куруу пландалууда. Анда ишкерлер үчүн соода орундары жабдылат. Соода аянттарынан тышкары, долбоордо социалдык инфраструктура объекттеринин: спорт залдарынын, мечиттердин жана медициналык пункттардын курулушу каралган. […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, борбор калаада коомдук транспортто жүрүүдө жол кире акысы көтөрүлбөйт, накталай эмес төлөм аркылуу – тулпар картасы, электрондук капчыктар, банк карталары аркылуу төлөм жүргүзүүдө тариф 17 сомду түзөт. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө» […]Читать далее
Кыргызстанда 614 миң гектар кунарсыз жайыт жерлери бар. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Ведомстводон билдиришкендей, кунарсыз жерлерди өздөштүрүү жана пайдалануу өлкөнүн айыл чарба продукциясынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат. Мындан улам министрлик Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары жана өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иш алып барууга кызыкдар. Облустар […]Читать далее
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында 9 ай аралыгында аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгаруу, жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Кеңешмеде жыл башынан тартып өлкө аймагында 812 миң 177 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталганы, мамлекеттик буджетке 460 млн 588 миң 330 сом өндүрүлгөнү айтылды. Анын ичинен: мас абалында унаа башкарган – 10 […]Читать далее