Салык декларациясын тапшырбаган жана туура эмес тапшырган 2 511 кызматкерге 6 млн сом айып салынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, прокуратура органдары тарабынан 2024-жылдын 9 айында Кыргызстандын салык мыйзамдарынын аткарылышы боюнча, тактап айтканда мамлекеттик жарандык кызматкерлер жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан кирешелер, чыгымдар, милдеттенмелер жана мүлк жөнүндө маалыматтарды камтыган бирдиктүү салык декларациясын тапшыруусуна […]Читать далее
“Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясынын кеңсесинин расмий ачылды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул өлкөнүн жарандык авиациясын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат жана ал өлкө ичинде да, чет өлкөдө да жеткиликтүү жана коопсуз аба каттамдарын камсыз кылуу максатында түзүлгөн. “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы Кыргызстандын негизги шаарларына каттамдарды сунуштоо менен өзүнүн маршруттук […]Читать далее
Бишкек мэриясы накталай төлөм жүргүзүүдө жол кире акысын көтөрүүнү пландоодо. Муниципалитеттин билдиришкендей, колдонуудагы тарифке ылайык, муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда жүрүү наркы накталай эмес түрдө 17 сом, накталай формада 20 сом. Накталай жана накталай эмес төлөм формасынын айырмасы 3 сом. Калкка жол кирени электрондук төлөө системасын пайдаланууга дем берүү максатында жол кире акысын накталай түрдө көбөйтүү […]Читать далее
Кыргызстанда II чейректе мектептерге электрондук күндөлүк киргизилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай, учурда мектептер үчүн мамлекеттик электрондук күндөлүктү түзүү иштери аяктап калды. “Үстүбүздөгү окуу жылынын экинчи чейрегинен тарта жарандар билим берүү процессин башкарууну, билим берүүнүн сапатын баалоону жана окуу-методикалык материалдарды бириктирген биринчи улуттук портал болгон бул инновациялык инструментти пайдалана алышат”, […]Читать далее
Социалдык фонд 2024-жылдын январь-сентябрь айларында 44 миң 365 жаранга пенсия чектеди. Бул тууралуу фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен сентябрь айында 5 миң 267 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1098 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.Читать далее
Кыргызстандын аймагында 30-сентябрдан 6-октябрга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 19 миң 51 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 509; мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 188; авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу– 46; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол […]Читать далее
Ош шаарынын түптөлгөн күнүнө карата бүгүн, Т.Сатылганов атындагы сейил багындагы жайкы театрда музыкалык окуу жайлардын студенттери, “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун окуучулары тарабынан майрамдык концерттик программа тартууланды. Шаар күнүнүн урматына тургундар жана коноктор үчүн бий топторунун өнөрлөрү тартууланып, Ошту даңазалган, мекенчилдикке сүрөгөн ырлар жаңырды. Мындан сырткары, Алымбек датка этно борборунда театр чеберлери тарабынан театралдаштырылган чакан спектаклдер […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун адам потенциалын жогорулатуу жана иш менен камсыз кылуу боюнча активдүү чараларды киргизүү боюнча демилгесинин алкагында Бишкек шаарында Бош орундар жана кесиптер – 2024 жарманкеси болуп өттү, ага борбор калаабыздын 100дөн ашык алдыңкы компаниялары катышты. Уюштуруучулар Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги […]Читать далее
Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчилигинин көмөгү менен Silk Way Travel компаниясы жана «l Jazeera Airways авиакомпаниясы тарабынан уюштурулган туристтик роуд-шоу өттү. Иш-чараны Кыргызстандын элчиси Улукбек Марипов куттуктоо сөзү менен ачып, Кыргызстан үчүн туризм өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной тургандыгын белгилеп. “Мамлекеттин […]Читать далее
“Кыргызфармация” ишканасы ишке киргенден бери Кыргызстанда дары-дармектин баасы арзандады. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, мурдагыга салыштырмалуу ооруканаларда дары-дармектин баасы 200-600%га чейин арзандады. “Кыргызфармация” ишканасы дары-дармек чыгарган тарап менен түз иштешип, анын жыйынтыгында мындай арзандатууларга жетишүүдө. Буга чейин менчик фармацевтикалык компаниялар дарыны алып келип баасын өздөрү коюп, тендер менен сатып келишкен”, […]Читать далее