Мамлекеттик салык кызматы КНСти башкарууну жакшыртуу боюнча иштердин алкагында “Электрондук эсеп-фактура” маалыматтык системасына документтердин жаңы формаларын киргизди. Ведомстводон билдиришкендей, эсепке алууну жөнөкөйлөтүү жана административдик жүктү азайтуу үчүн айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн электрондук эсеп-фактуранын формасы (BLANK STI-110) түзүлдү. Эми салык төлөөчүлөр айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн айыл чарба продукциясын сатып алууда бул документти сатып алуучунун атынан өздөрү тариздей […]Читать далее
2025-жылдын 1-январынан тартып жаңы эрежелер боюнча уруксат берүүчү документтерди берүү жол-жобосу ишке ашырылат (“Бирдиктүү терезе”принциби боюнча). Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Бардык процедуралар Evisa.e-gov.kg. веб-сайт аркылуу жеткиликтүү болот . (маалымат тел.: 0312603070, +996703428865). Ошентип, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын өз убагында аткаруу максатында тиешелүү техникалык, программалык жана […]Читать далее
Ушул жылдын 19-декабрынан тарта Бишкек-Каракол, Каракол-Бишкек багыты боюнча авиакаттамдар “Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясы тарабынан аткарыла баштайт. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов билдирди. Анын айтымында, жумасына 2 жолу бейшемби жана жекшемби күндөрү аталган багыт боюнча учактар каттайт. Билеттин баасы 3100 сомдон башталат, лыжа жана сноубордторду учакка алуу акысыз. “Билеттерди asmanairlines.kg […]Читать далее
Бүгүн, 18-декабрда республиканын райондорунун имамдарына ата мекендик өндүрүштөн чыккан Chevrolet үлгүсүндөгү 40 даана кызматтык автоунаалар тапшырылды. Дин башкармалыгынан билдиришкендей, иш-чара Дин башкармалыгынын борбордук кеңсесинде өтүп, ага Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов, муфтийдин орун басарлары жана БТК төрагасы катышты. Муфтий Абдулазиз кары Закиров өз сөзүндө авто унаалардын […]Читать далее
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 650 миңден ашык жараны чет өлкөдө эмгек миграциясында жүрөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, мигранттардын басымдуу көпчүлүк бөлүгү Россия Федерациясынын аймагында миграцияда жүргөндөр. “Россиядагы акыркы окуяларга, рубль курсунун түшүүсүнө байланыштуу ал жакта биздин жарандардын саны азаюуда. “Крокус […]Читать далее
Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык айылында жайгашкан 10,70 гектар жерге “Мурас” социалдык шаарчасын куруу пландалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, шаарча куруу боюнча эскиздик долбоор Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты. “Бүгүнкү күндө эскиздик долбоордун негизинде шаар куруу документтери даярдалып, […]Читать далее
Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан эки ирет кармалган Райым Матраимов мамлекетке 18 млрд сомдон ашык каражат төктү. Бул тууралуу атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Матраимовдун кылмыштарынын баары финансы жаатында болгон. Ал жалпысынан мамлекеттик бюджетке 18 млрд сомдон ашык, башкача айтканда, 223 млн 419 миң 615 доллар төлөп берген. […]Читать далее
Келе жаткан президенттик шайлоодо талапкерлигимди койбойм. Садыр Жапаровду толук колдойм. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Садыр Жапаров эки жолу президенттикке талапкерлигин койгонго укугу бар. “Азыркы конституция боюнча Садыр Жапаров президенттик мөөнөтү бүткөн соң, дагы эки жолу президенттикке талапкерлигин койгонго укуктуу. Мен президенттик шайлоого талапкерлигимди койбойм. […]Читать далее
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жыл башынан бери жалпы баасы 130 млрд 510 млн сомдук 1174 объектини мамлекетке кайтарган. Бул тууралуу атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди. Ташиевдин айтымында, анын ичинен учурда 8 млрд 963 млн сомго 44 объек сатылган. “184 объект мамлекетке берилди. Булар пансионаттар, стадиондор, балдар лагерлери, мектептер, бала бакчалар, заводдор, соода […]Читать далее
14-декабрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында орун алган өлкөнүн жаңы жылдык башкы балатысын жандыруу аземинде майрамга чогулган элдин саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. Мэриядан билдиришкендей, салтанаттуу майрамга 10 миңге чукул шаар тургундары жана коноктору чогулду. Быйыл Ала-Тоо аянты чыныгы кышкы жомокко айланган. Жөө жүрүү аймагы кеңейтилип, анда шаар тургундары үчүн уникалдуу жайлар – Санта Клаус жана Аяз ата […]Читать далее