Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетов 102 жаш курагында каза болду. Урманбетов Асек, 1923-жылы туулган, Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери, II топтогу майып. Украинанын жана Белоруссиянын ар кайсы аймактарында согушкан. 1943-жылы декабрда полктун командиринин буйругу менен чалгындоо боюнча маанилүү тапшырманы аткарган. Ал эки истребитель менен бирге немистердин 76 автомашинасын ар кандай жүктөрү менен кармаган. Жеңиштин […]Читать далее
Бишкекте 20-21-декабрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен өткөн үчүнчү Элдик Курултай өз ишин аяктады. Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 698 делегат, анын ичинде чет өлкөлөрдө жүргөн мигранттардан жана диний конфессиялардан өкүлдөр катышты. Курултайдын жүрүшүндө 2000ден ашык жазуу жүзүндөгү сунуштар келип түшкөн жана 150 делегат трибунадан чыгып, актуалдуу маселелерди жана […]Читать далее
Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштеп жатат. Муниципалитеттен билдиришкендей, саат 09:00гө карата “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын 1041 автобусу каттамга чыккан. “Муниципалдык коомдук транспорттун иштөө графиги аба ырайынын шарттарына карабастан өзгөрүүсүз калууда. Жарандар коомдук транспорттун кыймылын онлайн режиминде “Менин шаарым” мобилдик тиркемеси аркылуу көзөмөлдөй алышат”, – деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, күн мурун, 20-декабрда Бишкекте […]Читать далее
Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо иштерин тийиштүү деңгээлде аткарбаган жооптуу жетекчилер тартиптик жазага тартылды. Мэриядан билдиришкендей, калаа башчысы Айбек Жунушалиев карды тазалоого жооптуу шаардык кызматтардын ишинин жыйынтыгы боюнча тиешелүү чараларды көрдү. Тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү жана ишти сапатсыз уюштургандыгы үчүн мэрдин орун басары Рамиз Алиев, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Жолдош Чуштуков, Октябрь […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров 2023-жылы үч кыз, бир уул болуп төрөлгөн төрт эмдин үй-бүлөсүнө барды. Жолугушуу учурунда министр жаш үй-бүлөгө чын жүрөктөн куттуктоолорун жана колдоо сөздөрүн билдирди. Ал төрт эмдин төрөлүшү кубанычтуу жана сейрек кездешүүчү окуя экенин баса белгиледи. 2023-жылы үй-бүлө төрт бала үчүн ар бири 50 миң сомдон, […]Читать далее
Былтыркы курултайда көтөрүлгөн маселелердин 70 пайызы чечилди. Бул тууралуу курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы, мамлекет катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди. Анын айтымында, I курултайда көбүнчө мектеп, бала бакча, ооруканалар сыяктуу ички социалдык маселелер көтөрүлгөн. Ал эми II курултайда чарбалык маселелер, чакан ГЭСтерди куруу, жолдорду салуу жана суу маселеси өтө курч болгон. “II курултайда делегаттар тарабынан орчундуу көйгөйлөр […]Читать далее
Министрлер кабинетинин демилгеси менен республикада “Аймактык экономикалык өнүгүү” долбоору жигердүү ишке ашып жатат. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, аталган долбоордун алкагында малдын асылдуулугун арттыруу жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Ош облусунун 61 фермерине эт-сүт багытындагы асыл тукум мал сатып алынган. Жалпысынан 110 млн 670 миң 500 сомго 837 асыл тукум […]Читать далее
Үчүнчү Элдик курултайда 3000ден ашуун милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоодо. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн Бишкекте үчүнчү Элдик курултай башталат — бул иш-чара өлкөнүн бардык аймактарынан, борбордон жана Ош шаарынан келген делегаттарды бириктирген маанилүү окуя. Иш-чарага 700 делегат, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана Президенттик администрациянын өкүлдөрү катышууда. Коомдук тартипти […]Читать далее
“Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун аталышы өзгөртүлдү. Бул тууралуу компаниянын басма сөз катчысы Алена Хоменко билдирди. Анын маалыматына ылайык, компания эми “Кыргызстандын аэропорттору” ААК деп аталат.Читать далее
Бүгүн Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда 750 окуучу орунга ылайыкталган мектептин курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Иш-чарага Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышты. Жаңы курула турган мектеп республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Мамкурулуш агенттиги тарабынан курулууда. Долбоор боюнча, мектептин имараты 3 кабаттуу […]Читать далее