Кыргызстандын бардык аймактары боюнча 1871 мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчанын ичинен 1186 бала бакчада (63,4%) видеокамералар орнотулду. Билим жана илим министрлигинен билдиришкендей, Баткен облусунда 81 бала бакчада, Ош облусунда – 369, Ош шаарында – 51, Жалал-Абад облусунда – 230, Чүй облусунда – 79, Бишкек шаарында – 115, Ысык-Көл облусунда – 87, Нарын облусунда – 121, […]Читать далее
үгүн Бишкек шаарында 200 орундуу жаңы төрөт үйүнүн курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Жалпы чыгымы 420 млн сомду түзгөн 5 кабаттуу жаңы имарат толугу менен Садыр Жапаровдун колдоосу менен табылган инвесторлор тарабынан каржыланат. 1936-жылы курулган №1 төрөт үйү республикадагы алгачкылардан болуп саналат. Учурда репродуктивдүү курактагы аялдардын саны 83 миңден ашкан Бишкек […]Читать далее
Жогорку Кеңештин 11-декабрындагы жыйында мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча депутаттык комиссия түзүлүп ага сегиз депутат – Жанар Акаев, Аккулу Бердиев, Бакытбек Марипов, Винера Раимбачаева, Кубанычбек Самаков, Саидбек Зулпуев, Айбек Маткеримов жана Советбек Рустамбек уулу кирди. Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиевдин айтымында, министрлер кабинети гимндин үч вариантын ЖКга сунуштай турган ведомстволор аралык комиссия түзөт. Кийин алар депутаттык комиссия менен […]Читать далее
Жол тыгындарын жоюу боюнча кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын демилгеси менен Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин, Бишкекбашкыархитектурасынын жана район акимчиликтеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда жайын өткөрүлдү. Анда ЖКККББнын башчысынын орун басары милициянын подполковниги Эмил Жакыпов борбор калаабыздагы жол тыгындарын чечүү […]Читать далее
Саналуу күндөрдөн кийин Кыргызстанга Европадан 68 даана жүргүнчү ташуучу автобус келет. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, автобустар азыр Кордайга жетти. “Бишкек шаарынын тургундары үчүн жакшы жаңылык. Европадан 3 эшиктүү 68 даана автобус келе жатат, учурда Кордайга келип калды. Аз күндө каттамга коюлат. Бир жыл […]Читать далее
2024-жылдын башынан бери Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жергиликтүү бийлик менен биргеликте жүргүзүлгѳн иш-чаралардын негизинде өлкө боюнча 7 жаңы муниципалдык мал базарлар курулуп, ишке берилди. Ведомстводон маалымдашкандай, алар Баткен, Ноокат, Токтогул, Тоң, Лейлек, Айтматов, Сокулук райондорунда, ал эми азыркы учурда дагы 5 муниципалдык мал базар курулууда, Ноокен, Кочкор, Ак-Талаа, райондорунда […]Читать далее
Бүгүн, 11-декабрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын аймагына чет жактан мыйзамсыз ташылып келинген автоунаалар боюнча жыйын өткөрдү. Атайын кызматтан билдиришкендей, жыйынга президенттин администрациясынын, УКМКнын, ИИМдин, Мамлекеттик бажы кызматынын, Салык кызматынын жана автоунаа каражаттарынын колдонуучуларынын өкүлдөрү катышты. Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан Абхазия унааларынын номурларын жана башка документтерин тааныбай тургандыгы, […]Читать далее
Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык инспекциясы, мамлекеттик Салык кызматы жана милициянын Патрулдук кызматынын башкармалыгы борбор калаада мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу май саткандарды аныктоо боюнча рейд жүргүздү. Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө жалпысынан 1 тонна 525 литр күйүүчү-майлоочу май алынган. Жол боюнда соода кылган соода түйүндөрүнө Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесинин 1-бөлүгү боюнча 3 протокол түзүлүп, 9 000 сом […]Читать далее
Венгриялык UMWELT KFT компаниясы Кыргызстанга айыл чарба техникалары жана жабдууларды алып келүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев менен UMWELT KFT компаниясынын ортосунда өткөн видео конференция учурунда маалым болду. Анда, Венгриялык UMWELT KFT менен Кыргызстандын айыл чарба тармагында иш алып […]Читать далее
Күн мурун саат 13:00 чамасында Бишкек шаарындагы Балбан-Таймаш конушунун №1 көчөсү, 27-үй дарегинде өрт чыгып, алдын ала маалыматтар боюнча, 16 үй-бүлө жана 40ка жакын адам жабыркаган. Мэриядан билдиришкендей, калаа башчысы Айбек Жунушалиев тилсиз жоонун кесепетинен турак-жайынан айрылган жарандар менен жолугушту. Жунушалиев шаардык кызматтарга жана Биринчи май районунун администрациясына керектүү жардамдарды уюштуруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. […]Читать далее