Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 5-мартта, кыргызстандыктарды Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктады. Төмөндө мамлекеттик катчынын куттуктоо сөзүн келтиребиз: “Урматтуу мекендештер! Сиздерди Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Ар бир элдин улуттук кийими – ошол элдин маданиятын, тарыхын чагылдырган укмуштуудай көрүнүш. Биздин ак калпак баштаган улуттук кийимдерибиз дагы элибиздин […]Читать далее
Токтогул ГЭСинин №3 гидроагрегатын реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Гидроагрегатты алмаштыруу иштеринин башталганына 13 күн болду. Бул аралыкта жумушчу топ пландын негизинде, графикке ылайык өз ишин так аткарууда. Гидроагрегат 2025-жылдын 20-февралында эксплуатациядан чыгарылып, жабдуулардын негизги түйүндөрүн демонтаждоо жана модернизациялоо иштери жүргүзүлө баштаган. Келишимдин негизинде реконструкция жана жаңылоо долбоорун Франциянын GE Hydro […]Читать далее
Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына акырындык менен өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, билим берүү негизинен ар бир жаранга тиешелүү, өлкөнүн келечегин аныктаган эң маанилүү тармак. “Албетте, мындай чоң өзгөрүүлөр дайыма коомдук талкууга коюлушу керек, ар кандай пикирлер […]Читать далее
Бүгүн, 5-мартта Кыргызстанда Ак калпак күнү белгиленет. Бул күнгө карата мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кыргызстандыктарды куттуктады. “Ак калпак кийсек касиет Ар дүйнөң дагы баш иет… Ак калпак кийсек жан калбай, Аалам да белги салгандай. Кай жерге кыргыз чогулса Ала-Тоо жылып баргандай. Күн нуру башка тийгендей, Бүт дүйнө тааныйт билгендей. Ак калпак кийип кыдырсак, Аскалар басып […]Читать далее
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев муктаж болгон үй-бүлөгө 1 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Атайын кызматтан билдиришкендей, буга чейин үстүбүздөгү жылы 7-февралда 1990-жылы туулган Махратбек кызы Канышай аттуу жаран УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, ал бала кезинен көзүнүн көрүүсү начар экенин, үч баланы жалгыз тарбиялап жатканын, ошондой […]Читать далее
“Чакан ГЭС” ААКка таандык “Каракөл” ГЭСинде курулуш иштери активдүү жүрүүдө. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Кара-Суу дарыясында Каракөл шаарына жакын жайгашкан ГЭСтин орнотулган кубаттуулугу 18 МВтты түзөт, ал эми жылдык орточо электр энергиясын өндүрүү көлөмү 110 млн кВт/с болмокчу. Буга чейин аткарылган иштер: суу алуучу башкы түйүндүн курулуш-монтаждоо иштери аяктады; станция имаратынын I-IV ярустарына бетон куюу иштери […]Читать далее
Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн талап кылынуучу 083 формасындагы медициналык маалымкат санариптештирилет. Мындай милдетти министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигине жана Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигине тапшырды. Маалым болгондой, министрлер кабинетинин төрагасы бул мекемелерге атайын санариптик модулдарды жана кызматтарды иштеп чыгууну, ишке киргизүүнү ошондой эле бул системалардын интеграциясын камсыздоону “Өкмөттүк […]Читать далее
2024-жылы өлкөдө ирригация тармагына республикалык бюджеттен 5 млрд сомдон ашуун каражат жумшалды. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында айтылды. Ведомствонун маалыматына караганда, жылдык коллегияда Араван, Нарын, Түп, Жайыл, Лейлек, Айтматов, Ноокен райондору суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүнүн беш артыкчылыктуу багыты […]Читать далее
Борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоого 23 техника тартылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек шаарында аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасы жолдорду кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө. 2025-жылдын 3-мартына, саат 15:00гө карата линияда 23 бирдик атайын техника бар. Ошондой эле ишкананын кызматкерлери тротуарларды жана жол бордюрларын тазалоодо. Белгилей кетсек, түнкүсүн аба ырайынын суук болушуна байланыштуу борбор калаанын жолдоруна […]Читать далее
КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен кызматташтык тууралуу макулдашты. Туризмди өнүктурүүнү колдоо фондунун президенти Кылычбек Рысалиев мамлекет туризмди өнүктүрүүгө багыт алганын жана эки фонддун ортосунда кол коюлган меморандум туризмди өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам экенин белгиледи. Ошондой эле ал маалымдагандай, Кыргызстан Туризм фонду аркылуу Россия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Корея менен бирге Тоо […]Читать далее