Премиум класстагы турак жай комплексиндеги батирлер мамлекетке өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштеринин жүрүшүндө УКМК Бишкек шаарынын түштүк аймагынан көп кабаттуу үй куруу үчүн жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Белгилүү болгондой, 2005-жылы жер тилкесин минималдуу өлчөмдө ижарага берүү учурунда Бишкек шаарынын мэриясы […]Читать далее
Республика боюнча 1 млн 585 миң абоненттин 509 миңине акылдуу эсептегичтер акысыз орнотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК Башкы директорунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди. Анын айтымында, калк категориясы боюнча жалпысынан 425 миң акылдуу эсептегичтер 1-мартка карата акысыз орнотулуп бүткөн. “Бүгүнкү күндө “Кыргызстан улуттук электр […]Читать далее
Аламүдүн районунун Чокморов айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кзматтан билдиришкендей, 2000-жылы мектепке чейинки билим берүү мекемесин жоюу жолу менен атайын администрациялоо процедурасы башталган, андан соң жанаша аймагы менен кошо бала бакча Чокморов айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилген. Бирок, кийин социалдык объект жеке менчикте болуп, […]Читать далее
Быйыл өлкөдө пайдаланбай калган айдоо жерлердин аянты 3,3 миң га кыскарып, 35,7 миң гектарга чейин азаят. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Башкача айтканда, 2025-жылы жалпы себүү аянты 1 млн 250 миң гектарды түзүп, өткөн жылга карата 3,3 миң гектарга көп пландалды. Айтсак, буга чейин пайдаланбай жаткан айыл […]Читать далее
Өлкө аймагында 2025-жылдын 3-мартынан 9-мартына чейин 23 миң 266 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет. Алардын ичинен: -Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу-701; -Мас абалында унаа башкаруу -108; -Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу -87; -Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-291; -Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3410; -Авто ээнбаштык […]Читать далее
Эми “Түндүк” тиркемеси аркылуу жашаган жери боюнча онлайн катталса болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ведомствонун маалыматы боюнча, тиркемеде жашаган жерин каттатууну онлайн кылган жаңы сервис ишке киргизилди. Арызды критерийге кирген кыймылсыз мүлктүн ээлери гана бере алат. Буга аларга катталган турак жайлар жана батирлер кирет.Читать далее
Күн мурун Бишкекте 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын долбоору талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чарага президенттин администрациясынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдар, жарандык коом, илимий чөйрө, көзкарандысыз эксперттер жана эл аралык өнөктөштөр катышты. Жолугушууда программа боюнча иш уланууда жана Экономика министрлиги жарандардын сунуштарын күтүп жатканы айтылды. Улуттук программа – индустриялаштыруу, транспорттук […]Читать далее
Кыргызстандын паспорту “Паспорт индекси” паспортторунун интерактивдүү рейтингиндеги позициясын 2023-2024-жылдары салыштырмалуу 14 пунктка жакшыртты. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 6-мартына карата КР паспорту 67-орунду ээледи. Ведомствонун маалыматына караганда, Кыргызстан тарабынан 2024-жылдын сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын талааларында кол коюлган КР министрлер кабинети менен Албания, Черногория, Таиланд Королдугу, Венесуэла Боливардын өкмөттөрүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык […]Читать далее
2024-жылы иш жүзүндө түшкөн киреше 37 млрд 47,2 млн сомду түзүп, план 101,6 пайызга аткарылган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жалпы шаардык бюджеттик угууда билдирди. Калаа башчысынын маалыматы боюнча 2023-жылга салыштырмалуу иш жүзүндө киреше түшүүлөрдүн өсүү темпи 169,3 пайызды түздү. Бул өткөн жылга караганда 15 млрд 171,0 млн сомго көп. Ал кошумчалагандай, бюджеттин […]Читать далее
Кыргызстанда 2025-жылдын январь-февраль айларында 11 миң 614 жаранга пенсия чегерилди. Социалдык фонддон билдиришкендей, анын ичинде февраль айында 3 миң 906 жаранга пенсия чектелген. Ал эми эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча кошумча документтердин негизинде 1 миң 376 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Соцфонд пенсияга байланыштуу суроолорго жооп алуу үчүн 1202 номерине кайрылууну сунуштайт.Читать далее