Жаңы Ош базар 3 ай ичинде курулуп бүтүп, азыркысы толугу менен көчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ош базарга жасалган рейд учурунда билдирди. Анын айтымында, жаңы базардан зарыл болгон расмий документтери бар гана соодагерлер орун ала алат. “Азырынча расмий документтери жок иштеп жаткандарга эч ким тийбейт. Бирок, биз көптөн бери эле документтерди ирээтке […]Читать далее
Мектептерде жазгы каникул 17-мартта башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда мектеп окуучуларынын каникулу 17-марттан башталып, 23-мартка чейин созулат. Төртүнчү чейрек 24-марттан тарта башталат. Белгилей кетсек, жазгы каникул 2024-2025-окуу жылынын планына ылайык аныкталган.Читать далее
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында шаардык муниципалитеттин жыйындар залында пландуу кеңешме өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө борбор калаанын жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча пландар талкууланды. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратузумдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаев, “Бишкекасфальтсервис” МИнин директорунун орун басары Саламат Кожогулов жана уюштуруу-көзөмөл иштери бөлүмүнүн башчысы Кубандык Акматбеков баяндама жасашты. Мэр Айбек Джунушалиев […]Читать далее
2024-жылы республика боюнча өрт коопсуздугун бузгандарга 800 млн сом айып салынган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрт көзөмөлдөө кызматынын бөлүм башчысы Руслан Турдумамбетов радиолордун бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, өрт коопсуздугунун эрежелери өкмөттүн 381-беренеси менен бекитилген. Анда ар бир мекемеде, ишканаларда өрт коопсуздугу сакталышы керектиги жазылып, аны сактоого мекеменин жетекчилери милдеттүү. “Анткени жетекчилер […]Читать далее
Күн мурун Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Жаш ишканалар жана башкармалыктар ассоциациясынын төрагасы Незих Аллыоглу менен жолукту. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууга ассоциациянын өндүрүш, туризм, медицина, илимий изилдөө жана эл аралык соода тармагындагы өкүлдөрү дагы катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташуу, Кыргызстанга инвестиция тартуу маселелери жана Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын ар кандай түрлөрүн өндүрүү боюнча биргелешкен […]Читать далее
Германияда 2025-жылдагы эң маанилүү дүйнөлүк туристтик көргөзмөлөрдүн бири ITB Berlin ачылды. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, эң ири туристтик көргөзмө ITB Berlin 2025тин ичинде Кыргыз Республикасынын улуттук стенди ачылып, 12 мекендеш туризм компаниялары өлкөбүздүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, дүйнө жүзүн биздин уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүбүз менен таанышууга чакырууда. Белгиленгендей, көргөзмөдө биздин стендди Германиядагы элчи Өмүрбек Текебаев жана Туризмди […]Читать далее
Кыргызстанга Россиядан тоок этин мыйзамсыз алып кирүү фактысына бөгөт коюлду. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей,тунда чек ара ветеринардык көзөмөл кызматынын инспекторлору товарларды текшерүү учурунда Россиядан 21 тонна канаттуулардын этин алып келүүдө мыйзам бузууларды аныкташкан. Белгиленгендей, жүктө эч кандай маркировка болгон эмес. Инспекторлор тарабынан тиешелүү кайтаруу протоколдору түзүлүп, жүк Россияга кайтарылган.Читать далее
Сот системасынын ачык-айкындуулугун жогорулатуу, соттордун ишмердүүлүгүн баалоо максатында республика боюнча 72 соттун имараттарына атайын QR-коддор орнотулуп, иштеп баштады. Бул тууралуу Жогорку сотко караштуу сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” мамлекеттик ишкана-мекемесинин директору Бек Иманалиев Кыргыз Республикасынын судьяларынын ХIII курултайында билдирди. Анын айтымында, QR-код аркылуу берилген суроолорго жооп берип, жаран сот тармагындагы бардык иш-аракеттерге, сот кызматкерлеринин мамилесине, […]Читать далее
Быйыл Кыргызстанда Орозо айт 30-мартта белгиленет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Орозо айында мусулмандар 30 күн бою ооз бекитип, күндүз тамактанбайт. Орозо кармоо менен мусулман адам көздөрүн арам нерселерди кароодон, кулактарын арам болгон нерселерди угуудан, тилди жалган сүйлөөдөн, курсагына арам тамакты киргизүүдөн, колдору менен жаман ишти жасоодон жана буттары менен арам […]Читать далее
Кыргызстанда быйыл Кадыр түн 26-марттан 27-мартка караган түнү белгиленет. Бул маалыматты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан тастыкташты. Муфтияттан билдиришкендей, Кадыр түн Орозо айынын 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленет. Бул түн Рамазан айынын акыркы он түнүнүн бирөөсү болуп саналат. Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түн. Мында Кадыр түндүн жакшылыктарга себеп болуусу, достук, бир туугандык, биримдиктин бекемделиши, […]Читать далее