Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок кондиционерлерди ташып кирүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, “Ак-Тилек” контролдоо-өткөрүү пунктунун жанындагы товарларды эсепке алуу пунктунда жалпы суммасы 1,4 млн сомдук GREE маркасындагы 34 даана кондиционерди ташып бара жаткан автоунаа кармалган. Импорттоочунун коштомо кагазында бул […]Читать далее
Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан улам жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү максатында учурда Баткен облусуна жалпы 1 млн 53 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, анын ичинен 131 тонна ӨКМ тарабынан, 732,729 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. “Учурда кампада 188,95 тонна гуманитардык жардам турат”, – деп […]Читать далее
“Мындан ары да жабыла чыгып, кыргыз элинин ар-намысын коргоп, душмандын арам оюн ташкаптыра берели!”, – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов өлкөнүн социалдык түйүндөрүнүн колдонуучуларына карата билдирүүсүндө. Мамлекеттик катчынын сөзү: “Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2022-жылдын 14-17-сентярында Баткен облусундагы чек ара аймактарында болгон куралдуу кагылышуунун курмандыктарына аза күтүү жарыялап, кыргыз элине кайрылуу менен, […]Читать далее
Бүгүн, 20-сентябрда спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан эркин күрөш боюнча курама команда “Манас” аэропортуна учуп келди. Курама команданы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Кыргызстандын күрөш федерациясынын өкүлдөрү, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосту. Алгач, спортчулар Баткендеги шейит кеткен жоокерлерге куран окуп, алардын […]Читать далее
Баткенде Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрө транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн ачылды. Бул тууралуу КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, көпүрөнү калыбына келтирүү иштерине 7 бирдик атайын техника тартылган. “Бүгүнкү күндө оор жана жеңил унаалар үчүн убактылуу көпүрө камсыз болду”, – деп айтылат маалыматта. Белгиленгендей, КР Транспорт жана коммуникациялар министринин орун […]Читать далее
Бүгүн, 20-сентябрдан баштап Оштун Чоң-Алай жана Баткен облусунун чек арага жакын аймактарында жарылбай калган снаряд, мина, башка жарылуучу заттарды аныктоо, зыянсыздандыруу жана тазалоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Жарылуучу заттарды зыянсыздандыруу жүрүп жаткан аймактар курчалып, кайтарууга алынат. Аталган жумуштар Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан макулдашылган. Мындан улам КР […]Читать далее
Баткендин Кадамжай районунда жана Оштун Чоң-Алай районунда жолдорду калыбына келтирүү иштери аткарылууда. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Үч-Коргон (Кадамжай) – Дароот-Коргон (Чоң Алай) унаа жолунун 76–80-чакырым аралыгында оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Жумушка эки бульдозер, эки жүктөгүч, үч экскаватор, эки грейдер, төрт жүк түшүргүч тартылган.Читать далее
Кечээ, 19-сентябрда өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов баш болгон министрликтин өкүлдөрү Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесинин өкүлдөрү менен жолукту. ӨКМден билдиргендей, жолугушууда ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси тарабынан Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу баалоо жүргүзүү иштерине колдонуу максатында ӨКМге атайын компьютердик техникалар белекке берилди. Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат […]Читать далее
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлду. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тынчтык протоколуна Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов кол койгон. УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ок атышууну токтотуу жана кырдаалды басаңдатуу боюнча мурда жетишилген макулдашууларды аткаруу максатында тараптар ортосунда […]Читать далее
Бүгүн, 20-сентябрь саат 08:30гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирет. Маалыматка ылайык, 19-сентябрдан 20-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок. “Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын Чек […]Читать далее