Чек арага жакын аймактарда жарылбай калган снаряд, миналар зыянсыздандырылат

 Чек арага жакын аймактарда жарылбай калган снаряд, миналар зыянсыздандырылат

Бүгүн, 20-сентябрдан баштап Оштун Чоң-Алай жана Баткен облусунун чек арага жакын аймактарында жарылбай калган снаряд, мина, башка жарылуучу заттарды аныктоо, зыянсыздандыруу жана тазалоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Жарылуучу заттарды зыянсыздандыруу жүрүп жаткан аймактар курчалып, кайтарууга алынат. Аталган жумуштар Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан макулдашылган.

Мындан улам КР УКМКнын Чек ара кызматы чек арага жакын жайгашкан аймактардын тургундарын сабырдуулукка, чагымчыл аракеттерге алдырбоого жана бардык маалыматтарды чек ара бөлүмдөрүнөн, жергиликтүү бийлик органдарынан алууга чакырат.

Связанный пост