“Каракол” эл аралык аэропортунда курулуш жана монтаждоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө аэропорттун жаңы бекетинин имараты курулуп баштады, аэробекеттин пайдубалын куюу боюнча иштер аткарылып бүттү. Алдыда аэродромдун элементтерин реконструкциялоо – анын ичинде учуу-конуу тилкесин 400 метрге узартуу, жана жарык белги берүүчү […]Читать далее
«Бишкек суу канал» ишканасынын маалыматына ылайык, 17-ноябрда саат 9:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин бир катар көчөлөрүндө таза суу берүү токтотулат. Тагыраагы: Абакан көчөсү, Дэн Сяопин, Кустанай, Профсоюз, Волковой, Садыгалиев, Безымянный көчөлөрү, темир жол линиясы менен чектешкен аймактарда суу убактылуу берилбейт. Бул убакытта «Киркомстром» суу алгычындагы жана шаар түтүктөрдөгү оңдоо иштери жүргүзүлөт.Читать далее
14-ноябрда Кыргызстандан балды жана бал продукциясын Кытай өлкөсүнө экспорттоо боюнча официалдуу уруксат берилди. КР Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматынын жана Кытай Эл Республикасынын ветеринардык-санитардык 5G сертификатын алган компаниялар экспорттой алат. Эскерте кетсек, 2019-жылы Кытайга балды жана бал продукциясын экспорттоо пандемияга байланыштуу токтоп калган.Читать далее
Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров коммуналдык кызматтардын кызматкерлеринин айлык акысын көтөрдү. Маалыматка ылайык, “Бишкексвет”, “Тазалык”, “Бишкекжашылчарба”, “Бишкексуучарба”, “Бишкек шаардык аза кызматтары агенттиги” жана Мобилизациялык резервдин материалдарын сактоо кызматынын кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлөт. Белгиленгендей, жакын арада аталган кызматтардын кызматкерлеринин тамак-ашына жана транспорттук чыгымдарына кошумчалар эске алынып, кайра эсептөөлөр жүргүзүлөт. Кошумча маяна муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине каржылык колдоо көрсөтүү […]Читать далее
Ички иштер министрлиги өлкөнү туруксуздаштыруу максатында чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын билдирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, акыркы күндөрү социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутууга түрткөн билдирмелер активдүү жарыяланууда. Ички иштер министрлиги аймактар жана улуттар аралык кастыкты козутууну көздөгөн жарандар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси […]Читать далее
Унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар экендигин ӨКМдин маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 16-17-ноябрь күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар түшүү коркунучу сакталат. Алсак, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 5-14 чакырымдарында (Өтмөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү […]Читать далее
Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасында текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен жалпы суммасы 74 млн. 28 миң сомдук товардык-материалдык запастардын жетишпестиги аныкталган. Тактап айтканда, «Бишкекжарык» МИнин жетекчилиги жана жооптуу кызмат адамдары, өз кызмат абалдарын кыянаттык менен пайдаланышып, КР бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө бузуу менен, 2020-2022-жылдар аралыгында ишкананын […]Читать далее
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Аламүдүн айылында 2 млн. 70 миң сомго жаңы суу мунарасы курулду. Мунаранын көлөмү 100 метр кубга барабар. Бул өлчөм 19,5 гектар аянтты, башкача айтканда, 320 турак үй жайгашкан 4 көчө менен 271 батирлүү 11 көп кабаттуу үйдү тейлөөгө жетет. Суу мунарасынын баасы 1 млн. 520 миң сом. Суу 230 метр […]Читать далее
Бүгүн, 10-ноябрда Ош шаарында жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды. Ачылышка санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамкеткадыров, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын директору Асел Кененбаева жана Калкты каттоо департаментинин директорунун орун басары Элиза Эсеналиева катышты. Министрдин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров белгилегендей, КР президентинин “Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан 2022-жылдын январь-октябрь айларында 61145 жаранга пенсия дайындалып чектелди. Ошонун ичинде, 2022-жылы октябрь айында 3009 жаранга пенсия чектелди. Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 986 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.Читать далее