ИИМ жарандарды соцтармактардагы чагымчыл маалыматтарды таратпоого чакырат

 ИИМ жарандарды соцтармактардагы чагымчыл маалыматтарды таратпоого чакырат
Ички иштер министрлиги өлкөнү туруксуздаштыруу максатында чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын билдирет.  Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, акыркы күндөрү социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутууга түрткөн билдирмелер активдүү жарыяланууда. Ички иштер министрлиги аймактар жана улуттар аралык кастыкты козутууну көздөгөн жарандар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.

Связанный пост