2023-жылга республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча каржылануучу объекттердин бекитилген тизмесине 240 социалдык объектердин курулушу киргизилди. Анын ичинен 102 мектептин курулуш жумуштары уланууда, 37синин курулушу башталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасында маалымдады. Калгандарынын курулуш жумуштарына конкурс жарыяланып, долбоордук-сметалык документтери даярдалып жатат. Жылдын аягына чейин 100дөн ашык […]Читать далее
Бүгүн, 2023-жылдын 18-апрелинде Бишкек шаарында 20-апрелге чейин созула турган “Курулуш, энергетика, атайын техника, коопсуздук” 20-юбилейлик эл аралык конгресс-көргөзмө форуму өтүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалыматтык бөлүмү маалымдады. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов катышып, курулуш тармагы ИДПнын 9,6%ын түзөрүн жана 2,4% […]Читать далее
2023-жылдын титулдук тизмесине ылайык, Шералиев жана Жайыл-Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан: балдар аянтчасын, воркаут жабдууларын орнотуу, жарыктандыруу, тротуарларды оңдоо, жашылдандыруу иштери каралган. Бүгүнкү күндө воркаут жабдууларын, селкинчектерди жана тротуарларды куруу иштери аяктады. Балдар аянтчасынын жалпы аянты 0,0916 га. Учурда, аймакты жакшыртуу жана жарыктандырууну туташтыруу пландалууда. «Элмир Линк» ЖЧКсы подряддык уюму иш алып барууда.Читать далее
КР ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери жер көчкү кооптуулугу бар тилкелерге изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Кечээ, 17-апрелде Кара-Кулжа районунун кооптуу аймактары изилденди. Ал эми бүгүн изилдөө иштери Ноокат районунун кооптуу аймактарында жүргүзүлөт.Читать далее
Ош шаарынын Туран муниципалдык аймактык башкармалыгында балдардын жана үй-бүлөлөрдүн укуктарын кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында маалымат кампаниясы өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Маалымат кампаниянын максаты үй-бүлө мамилелерин жөнгө салуу аркылуу балдардын укуктарын, таламдарын жана турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоону камсыз кылуу жаатында мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволор […]Читать далее
КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкөнүн жолдору менен ашууларында күн бүркөк, айрым жерлерде кар аралаш жаан, кар жаап, бороон болуп жатат. Тынымсыз тазалоонун аракетинде жолдор ачык, каттам бар. Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык ашуусунда жол ачык, унаа кыймылына чектөө жок. Ал эми аталган жолдун Тоң-Мурун ашуусунда түндө жааган кар толук тазаланды. Учурда […]Читать далее
Акыркы убакта Бишкек шаарында унаалар көбөйгөндүгүнө байланыштуу, жол тыгындарын азайтуу үчүн “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы унаа жолун кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Курулуш иштери №309, №311 үйлөрдүн алдында жүргүзүлүүдө, анын узундугу 85 метрди түзөт. Бүгүнкү күндө туурасы 3 метр болгон кошумча тилкени салуу боюнча иштер аяктап, ирригация тутумдары жана бордюрлары орнотулду. Асфальт төшөө алдында тротуардын негизин даярдоо […]Читать далее
Сосновка постунда түшкү саат 14:30дан тарта унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилип, жол эки тараптуу жабылды. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникация министрлининин басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, аба ырайынын начарлашынан улам 17-апрелге караган түнү саат 02:00дон тарта оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген. Азыркы тапта Төө-Ашууда кар жаап, бороон болуп жатат. №9 жол […]Читать далее
Талас шаарына 2023-жылга карата Талас жашыл чарба муниципалдык ишкансынын күнөсканасына эгилген 26 500 даана (10 түрдөгү) гүл отургузулат. Бул тууралуу Талас шаарынын мэрияснын басма сөз кызматы билдирет. Алардын ичинен 6500 даана бархатцы, 4000 даана ампель петуниясы, калганы петуния гүлүнүн башка түрлөрү. Аба ырайы турукташкан мезгилден тарта шаар көчөлөрүнө, жашыл аянттарга, мекеме-ишканалардын алдыдарына жана эс алуу […]Читать далее
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2023-жылдын 21-апрель, жума күнүн Орозо Айт майрамы деп белгиленет. Эскерте кетсек, быйыл Орозо айы 23-мартта башталган.Читать далее