Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Арча-Бешик конушундагы жаңы таза суу линиясынын курулушу менен таанышты. Диаметри 200 мм болгон суу түтүгү Айылчиев көчөсүн бойлой Ыбырайым Абдрахманов көчөсүнөн Жайыл баатыр көчөсүнүн түштүк тарабына чейин төшөлүүдө. Бүгүнкү күндө диаметри 220 мм, узундугу 1300 линиялык метр траншеяларга 856 метрге жакын түтүкчөлөр төшөлүп, ага катарлаш курулуш объектисинде топуракты […]Читать далее
Бүгүн, 10-июнь күнү өткөрүлгөн жалпы республикалык ишембиликке Ош шаарынын мэриясынын, мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын эмгек жамааттары жана шаар тургундары чыгып, жалпысынан 20 000 ден ашуун адам катышты. Ишембиликтин жүрүшүндө ар бир мекеме-ишканалар, билим берүү жайлары өздөрүнө бекитилген аймактарда чөптөрдү оруу, арыктарды тазалоо жумуштарын жүргүзүшсө, жашоочулар тарабынан көп кабаттуу үйлөрдүн короолорундагы таштандыларды, арыктарды тазалоо, өсүп кеткен […]Читать далее
Ош-Бишкек унаа жолундагы Төө-Ашуу туннелинин 129+500-чакырымынан тартып, 129+750-чакырымына чейинки аралыктагы жолдун бир бөлүгүндө жолдорду оңдоо иштери бүгүндөн баштап, 30-июнга чейин уланат. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. ЖКККББ туннель ичиндеги ыңгайсыздыктарды эске алып, ылдамдыкты азайтуу менен коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат. Ошондой эле буга чейинки маал-маалы менен киргизилген чектөөлөргө байланыштуу жолдо жүрүүдө жол кыймылын […]Читать далее
2023-жылдын 9-июнунда ЮНЕСКОнун Башкы директору Одрэ Азуле Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине барды жана анда анын келишинин урматына 2003-жылдагы Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жөнүндө ЮНЕСКОнун конвенциясынын 20 жылдыгына жана «Манас, Семетей, Сейтек» эпикалык үчилтигинин адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдик тизмесине киргизилгендигинин он жылдыгына карата көргөзмө уюштурулду. Одрэ Азуле экспонаттар менен таанышып, 2017-2021-жылдары адамзаттын […]Читать далее
Улуттук агенттик Кыргызстанда жаңы текстиль фабрикасын ишке киргизген түрк инвесторлоруна жардам көрсөтүүнү улантууда. “Декна Бишкек Текстиль” компаниясынын өкүлдөрү КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке барып, бир катар маселелерди, анын ичинде жаңы текстиль фабрикасы үчүн жабдуулардын чек арасынан өтүү жол-жобосун талкуулашты. Жолугушууга КР Мамлекеттик бажы кызматынын жана КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү чакырылып, инвесторлордун […]Читать далее
Эртең, 10-июнда, өлкөнүн бардык аймактарында социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында жалпы республикалык ишембилик өтөт. Ага мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышат. Республиканын бардык жарандарын айлана-тегеректеги аймактарды тазалоого, үй жанындагы участокторду көрктөндүрүүгө, айланабызга ыңгайлуу шарт түзүүгө активдүү катышып берүүгө чакырабыз.Читать далее
Бишкек шаарынын ар кайсы секторлорунун негизги кызыкдар тараптары Бишкек шаарынын «Жашыл шаар» иш-аракеттер планынын көз карашын жана стратегиялык максаттарын талкуулоо, шаардын туруктуу келечегин камсыз кылуу жана маанилүү трансформациялык иш-чаралардын кыскача тизмесин иштеп чыгуу үчүн чогулушту. Концепцияны макулдашуу, стратегиялык максаттарды белгилөө жана практикалык кадамдарды аныктоо менен Бишкек шаарынын “Жашыл шаар” иш-аракеттеринин планы шаар тургундарына жана келечек […]Читать далее
Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Денис Ильин “Бишкек-2026. Көрктөндүрүлгөн жана жашыл шаар” шаарды өнүктүрүү программасын ишке ашырууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инструменттерин колдонууга көмөк көрсөтүү боюнча меморандумга кол коюшту. Документке Сочи шаарында өтүп жаткан Евразиялык конгресстин алкагында кол коюлду. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун айтымында, меморандумга кол коюу заманбап […]Читать далее
Кыргызстандагы эрте нике көйгөйүнө арналган “Сары-Көлдүн сыры” аттуу өспүрүмдөр үчүн оюн “Games for Change Award” конкурсуна жиберилген 340 оюндун ичинен иргелип алынып, финалга чыкты. “Games for Change Award” конкурсу мыкты социалдык таасирди жана иммерсивдүү медианы тандоо максатында уюштурулган. Оюнду “Ачык линия” Коомдук фонду иштеп чыккан. Коомдук фондду Европа Биримдиги каржылаган “Теңдик нуру” глобалдык демилгесинин алкагында […]Читать далее
2023-жылдын 9-июнунда Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында ЮНЕСКОнун Башкы директору Одрэ Азуле Ала-Арча капчыгайындагы Адыгене жана Голубин мөңгүлөрүнүн үстүнөн учуп өттү. Одрэ Азуле, анын делегациясынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен бирге климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу орун алган көйгөйлөрдөн улам жабыркап жаткан мөңгүлөрдүн учурдагы абалы менен таанышты. Борбордук Азия геоилимдер институтунун […]Читать далее