“Азаттык Медиа” басылмасы анык эмес маалымат камтыган 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт жөнүндөгү “Тяжёлые бои на границе Кыргызстана и Таджикистана АЗИЯ” аталышындагы видеоматериалын өзүнүн бардык ресурстарынан өчүрдү. Анык эмес маалыматы менен бул материалдын өчүрүлүшүнө байланыштуу, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен “Азаттык Медиа” бардык соттук териштирүүлөрдү токтотту, “Азаттык Медиага” карата чектөөлөр мыйзам […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Австриялык “Global Hydro Energy” компаниясы менен Бала-Саруу ГЭСинин курулушуна байланыштуу гидроэнергетикалык жабдууларды техникалык контролдоо жана сыноо процедураларын өткөрүүгө, ошондой эле мындан аркы биргелешкен кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо максатында Австрия мамлекетинин Вена шаарына иш сапары менен барды. Министр Венадагы заводдо жабдууларды кабыл алуу менен жөнөтүүгө даяр экенин билдирди. «Учурда Вена шаарындагы […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертет. Ушул жылдын 1-сентябрына чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек: – транспорт каражатына салык, – турак үй, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган), – үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык. Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган. Салыктарды салык […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык 2023-жылдын 12-14-июлдарында абанын табы кескин түрдө жогорулап, ысык аба ырайы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 34…39°ка чейин жогорулашы күтүлөт Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда организмди чаңкоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде […]Читать далее
12-июль күнү Президентинин тапшырмасына ылайык, Мамкурулуштун директору Мырзабек Жыпаркулов Ош облусунунда курулуп жаткан социалдык объекттердин курулушун мониторинг жүргүзүүдө. Биринчи болуп, Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнүн Токтогул айылындагы 225 орундуу Шопоков атындагы орто мектептин курулушун текшерди. Белгилей кетсек, аталган мектеп быйыл бүткөрүлүп ишке берилет.Читать далее
Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов Калыс-Ордо жаңы конушундагы «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун эсебинен курулуп жаткан социалдык шаарчанын курулушу менен таанышты. Калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн 15 турак-жай имаратынын (30 үй-бүлөгө), медициналык амбулаториянын (ВАП) курулушу дээрлик аяктап, бир нече объектилердин ички жасалгасы калган. Ошондой эле мектеп жана бала бакча куруу пландалып, курулуш долбоорлору экспертизадан өтүүдө. Белгилей […]Читать далее
Төө-Ашуудагы туннелге маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Бишкек-Ош авто жолунун 129-131-чакырымында жайгашкан Төө-Ашуу ашуусундагы К.Колбаев атындагы туннельдин ичинин жолун оңдоп түзөө жана жаңылоо иштерине байланыштуу, 2023-жылдын 12-июлунан тартып, 18-июлуна чейин, авто унааларды туннельден өтүү кыймылына маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет. Туннельдин ичин убактылуу жабуу убактары төмөндөгүдөй: -05:00дөн тартып, […]Читать далее
Капиталдык курулуш башкармалыгы билим берүү мекемелерин оңдоо иштерин улантууда. 2023-жылга карата курулуштардын титулдук тизмесинде 54 билим берүү объектисин оңдоо пландаштырылган, анын ичинде: 25 мектеп, 26 мектепке чейинки билим берүү уюму жана 3 балдар чыгармачылык борбору. Учурда 11 билим берүү объектисинде түтүктөрдү жана санитардык приборлорду алмаштыруу менен тазалык түйүндөрү жана имараттардын ичине капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Жаныш Рустенбеков мезгилсиз дүйнөдөн кайтты
Кыргызстан эли орду толгус жоготууга учурады. 2023-жылдын 11-июлунда 74 жаш курагында Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, саясатчы жана дипломат Рустенбеков Жаныш Султанкулович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Рустенбеков Жаныш Султанкулович 1949-жылы 25-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Октябрь айылында туулган. Ж.С. Рустенбеков 1977-жылдан тартып мамлекеттик кызматта узак жылдар бою эмгектенди. 1990–1993-жылдары элдин эсинде «легендарлуу парламент» катары калган Кыргыз […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик балык чарбалык көлмөлөрүндө балык запастарын сактоо жана көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жана “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат: 1. Балыкты төмөнкү максаттар […]Читать далее