Ош шаарынын тургуну, 1995-жылы туулган Эрмахаммат Тожимахаммат 2023-жылдын 4-майында велосипед менен ажылык сапарга аттанган. Ал Өзбекстан, Казакстан, Грузия, Түркия жана Дубай аркылуу Саудияга жетип, мусулмандык парзын аткарып, бүгүн 13-июлда 71 күн өткөн соң Өзбекстан аркылуу өлкөгө аман-эсен кайтып келди. Аны Ош шаарынын борбордук аянтында Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, туугандары жана жакындары тосуп алышты.Читать далее
Нарын шаарынын ички көчөлөрү ирээти менен оңдолуп, шаардын инфраструктурасы жакшырууда. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. КРдин Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Нарын шаарынын ички көчөлөрүн оңдоо иштери жүрүүдө. Учурда аны “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Нарын филиалы жүргүзүүдө жана андагы 43 көчөнүн 18инде асфальт төшөө иштери аяктады. Ал эми калган 10 […]Читать далее
Ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2023-жылдын 28-июлунан тартып Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча алгачкы каттамын ачып, ошону менен Оштон Ысык-Көлгө туруктуу каттамдардын санын көбөйтүүнү максат кылууда. Каттамдар жумасына бир жолу – жума күндөрү аткарылат. Эскерте кетсек, Тез Жет авиакомпаниясынын учактары аталган багыт боюнча жумасына 6 жолу – шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү учат.Читать далее
13-июлга караган түнү Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Т. Айтматов менен Салиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы салынып жаткан имараттын 9-кабатынан 2006-жылы туулган А.Т. аттуу бала секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен натыйжада жогоруда аталган 17 жаштагы баланы өз өмүрүн кыюудан сактап калышкан. […]Читать далее
Шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров япониялык Isuzu компаниясынын лицензиясы боюнча жеңил унаа жана автобустарды чыгарган түркиялык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга ANADOLU ISUZU эл аралык сатуу боюнча менеджери Севкан Караман, ANADOLU ISUZU экспорт директору Серкан Өзтүрк жана ANADOLU ISUZU КМШ жана Перс булуңундагы өкүлү Мухаммед Саид катышты. Жолугушууда тараптар кысылган жаратылыш газы менен жүргөн 12 метрлик […]Читать далее
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын орун басары Манасбек Сыдыгалиев жана башкы башкармалыктын штаб жетекчиси Нурлан Молдалиев туристик агентстволордун жана туристтик фирмалардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Анда, туристтик мезгил учурунда, чет өлкөдөн келген конокторду тосуп алуу, коопсуздугун камсыздоо жана керектүү учурда сервердик кызматтарды көрсөтүү менен Кыргызтандын керемет жерлерин […]Читать далее
Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат. Бул тууралуу Соцфондтун басма сөз кызматы маалымдады. 2020-жылы тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген. Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 162 суроо-талап жиберилген, […]Читать далее
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиевдин жетекчилиги алдындагы комиссия жаңы модернизацияланган «Вип» классындагы вагонду сыноодон өткөрүүдө. Бул вагон бардык коопсуздук талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан, чоң радиустуу панорамалык терезелерди орнотууга мүмкүн болгудай кузовдун бөлүгү бекемделген. Вагондун улуттук стилде жасалган ички жасалгасы маанилүү элемент болуп саналат, андыктан дубалда кыргыз элинин байыркы […]Читать далее
Жыл башынан бери Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан зыяндуу заттарды өрттөө фактыларын аныктоо боюнча 90 рейд жүргүзүлүп, 341 чарба жүргүзүүчү субъектилер: мончо, сауна, жеке менчик үйлөр текшерилген. Текшерүүнүн максаты – каучук, резина, синтетикалык калдыктарды жана айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү тыюу салынган заттарды өрттөөнү алдын алуу. Анын жыйынтыгы менен 255 миң 500 сомдук 24 мыйзам бузуу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 377-р “Алтын балалык” балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда балдардын жайкы эс алууларын уюштуруу” боюнча буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин түзгөн графигинин негизинде 2023-жылдын 13-июлунан 23-июлуна чейин Ош облусунун аймагынан социалдык статусу бар жалпы 320 окуучу Ысык-Көл облусундагы “Алтын балалык” […]Читать далее