Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Босого конушунда 140 орундуу бала бакчанын курулушун баштады. Мектепке чейинки мекеме бир кабаттуу. Имараттын жалпы аянты – 1413,01 чарчы метр. Ал эми жердин аянты – 0,5714 га. Имаратта, кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык, изоляциялык, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, […]Читать далее
Бишкек шаарында ичүүчү суу боюнча абалдын жакшырышына байланыштуу унаа жуучу жайларды, мончолорду, бассейндерди жана башка объектилерди иштетүүгө уруксат берилди. Ичүүчү суунун жетишсиздигин жоюу боюнча активдүү иш-чаралардын алкагында унаа жуучу жайлардын, мончолордун, бассейндердин жана суу менен камсыздоого көз каранды башка объекттердин иштөөсүнө убактылуу чектөөлөр алынып салынды. Аталган объектилердин ээлери «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын чектөөнүн убактылуу […]Читать далее
Жакында Мамлекет башчысы Садыр Жапаров миң-куштуктар менен жолугушуп, кабар алган. Жолугушуу учурунда уран калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча элдин пикирин угуп, жергиликтүүлөргө терс таасири тийбей тургандай иштер аткарыларын билдирген. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылында 26-июлда иш сапарында болду. Анын алкагында министр ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Эрнест Дыйканбаев, Уран […]Читать далее
Биринчи май районунда Токтогул жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде катуу тиричилик таштандыларын өзүнчө чогултуу үчүн заманбап контейнер аянтчасы пайда болду. Аянтча таштанды контейнерлерин сактоо үчүн модулдардан турат, ошондой эле тиричилик таштандыларын сорттоонун пайдасы жөнүндө маалымат такталары жана өндүрүүчү компаниянын QR-коду бар. Мындан тышкары, аянтчанын маңдайында ошол эле компаниянын акылдуу интерактивдүү коомдук транспорттук аялдамасын орнотуу кызуу жүрүп […]Читать далее
ЖКККББнын кызматкерлеринин кайгуул күзөт өтөөсүнүн жоопкерчилиги күчөтүлөт. Анткени, кызматкерлерге кызматкерлердин ишмердүүлүгүн 24 саат бою көзөмөлгө алган боди камераларды орноштурууда. Бул камералар кызматкерлердин көкүрөк төшүнө же иийниндеги погонун астына орнотулуп, кызмат өтөө учурундагы баардык кыймыл аракеттерин онлайн көрсөтүү менен видео жана аудио форматта жазып сакталып, ИИМдин жетекчилиги аркылуу көзөмөлдөнүп турат. Айрыкча, кызматкерлердин кызмат өтөө учурундагы айдоочулар […]Читать далее
Борбордогу калкты ичүүчү суу менен камсыздоонун абалы турукташып калды. Ала-Арча суусу жана Чоң-Алыш каналы аркылуу жер үстүндөгү суунун жетишээрлик көлөмдө агып киришине байланыштуу “Орто-Алыш” башкы суу топтомосунун бардык азыктандыруучу көлдөрү толтурулду. Башкы суу топтомодон берилген ичүүчү суунун агып түшүү топтому май айынын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 900-1000 м3/саатка көбөйгөн. Азыркы учурда суу топтомодогу бардык скважиналар штаттык режимде […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 7-августуна чейин Кыргыз Республикасынын “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык (9-июнда күчүнө кирген) жеке жактар тарабынан тапшырылган бардык салык декларацияларын жок кылат. Салык кызматына Мыйзам күчүнө киргенден тартып 60 күндүн ичинде жеке ишкерлерден башка жеке жактар тарабынан тапшырылган бардык декларацияларды жок кылуу тапшырылган. Жок кылынууга ишкердик […]Читать далее
27-июлда Бишкекте “Оймо-2023” XVII Эл аралык салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк фестивалы башталат. Жыл сайын июль айынын акыркы жумасында Бишкекте башталып, Ысык-Көлдүн жээгинде уланат. 27-июлдан 30-июлга чейин фестиваль Бишкекте Курманжан датканын эстелигинин алдындагы аянтта өтөт. Андан соң Тамчы айылында 1-августтан 3-августка чейин айыл өкмөттүн имаратынын жанында уланат. Ал эми 4-6-август күндөрү фестиваль Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун […]Читать далее
Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы туннелдин унаа жолуна асфальт-бетон төшөө иштери башталды. Туннелдин 2510 м түзгөн унаа жолу толугу менен асфальтталынат. Аткаруучу: ТжКМне караштуу «Кыргызавтожол» МИ “Туннелдерди пайлалануу, оңдоо жана күтүү кызматы” филиалы.Читать далее
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен иштеген жарандарга убактылуу эмгекке жарамсыз болгон учурда социалдык кепилдиктер каралган. Иштеп жаткан жарандар ооруп калган учурда, аларга убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул төлөнөт. Жөлөкпул биринчи он иш күнү үчүн эмгек акынын 100% өлчөмүндө, ал эми 11-иш күнүнөн тартып 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө иш берүүчүнүн өздүк каражатынын эсебинен төлөнөт. Жөлөкпулду төлөө үчүн […]Читать далее