Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 21-сентябрда, Бишкекте өтүп жаткан түрк тилдүү элдердин эл аралык тил форумуна катышты. Форумга ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, Түрк тилдүү мамлекеттердин Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Медеткан Шеримкулов, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, Түрк маданияты жана мурасы эл аралык фондунун президенти Гюнай Эфендиева, Эл аралык Түрк […]Читать далее
Ысык-Көлдө “Аймактарды өнүктүрүү–өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыты” аттуу республикалык семинар-кеңешме өткөрүлүүдө
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүндө “Аймактарды өнүктүрүү–өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыты” аттуу жалпы республикалык семинар-кеңешме өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиги маалымдады. Иш-чара КРнын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан “Эң мыкты айыл өкмөтү” жалпы республикалык сынагынын жыйынтыгы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Түрк маданияты жана мурасы фондунун Президенти Гюнай Эфендиева менен жолугушту. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, бир туугандык жана достук мамилелерди чыңдоо, түрк элдеринин маданий-гуманитардык байланыштарын өнүктүрүү, ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы өз ара ишенимди жана ынак коңшулук мамилелерди чыңдоону талкуулашты. Мамлекеттик катчы Фонддун кыргыз элинин маданиятын жана […]Читать далее
Жалал-Абад облусу боюнча 2023- жылы 8 ай ичинде республикалык бюджеттин эсебинен 1 461,9 млн сом каржыланды. Бюджеттер аралык трансферттер: 1. Теңдөөчү трансферт – 372,4 млн сом; 2. Ыйгарым укуктарды берүүгө – 36,4 млн сом; 3. Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 16,8 млн сом; 4. Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 18 млн сом; 5. Айыл […]Читать далее
Талас облусу боюнча 2023-жылдын 8 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен 153,8 млн сом каржыланды. Бюджеттер аралык трансферттер: 1. Теңдөөчү трансферт – 128,5 млн. сом; 2. Ыйгарым укуктарды берүүгө – 10,5 млн. сом; 3. Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 1,4 млн. сом; 4. Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 13,4 млн. сом. Мындан тышкары Капиталдык салымдар […]Читать далее
КРнын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 26-апрелиндеги №136 НИ буйругун аткаруу максатында жана Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата райондук прокуратурасынын катынын негизинде Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы Ивановка, Милянфан, Кең-Булуң айыл аймактарындагы токой фондусунун жерлеринде жайгашкан 43 балык чарбасын текшерди. Натыйжада КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 239-беренесине ылайык, жерлерди пайдалануу эрежелерин, анын ичинде жерлерди пайдалануунун жаратылышты […]Читать далее
Бишкекте күйүүчү-майлоочу материалдардын (күйүүчү-майлоочу майлардын) стихиялуу соодасына каршы күрөш уланууда. Рейдди Биринчи май акимиатынын жана №15 МТУнун кызматкерлери Профсоюз көчөсүн бойлой Фучиктен П.Лумумба көчөсүнө чейинки аралыкта өткөрүштү. Белгилей кетсек, бул аймак мыйзамсыз АИ-92 үлгүсүндөгү бензин сатуу пункттары менен белгилүү. Аталган ишкерлерге карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 434-беренеси боюнча 18 000 сомго 6 административдик […]Читать далее
2023-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Чыңгыз Макешовдун төрагалыгы алдында кызыкдар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, Ун комбинаттары ассоциациясынын, соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле ун өндүрүүчүлөр менен базардагы 1-сорттогу унга болгон баалардын абалы боюнча жыйын өттү. Акыркы күндөрү жергиликтүү жана сырттан келген унга болгон баалардын […]Читать далее
2023-жылдын 20-сентябрында МЖӨ долбоорунун алкагында Балыкчы шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунда үчүнчү компьютердик томография борбору ачылды. «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында компьютердик томография аппараттарын орнотуу» МЖӨ долбоорунун алкагында жеке өнөктөш тарабынан капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, бөлмөлөр жабдылды жана «Neusoft Medical Systems» компаниясынын акыркы үлгүдөгү медициналык жабдуулары менен заманбап компьютердик томографиялык аппараттар орнотулду. Буга чейин Бишкек […]Читать далее
Бүгүн, А. Навои эс алуу жайы менен “Ферас” бассейнинин ортосундагы тилкеге жаңы эс алуу багынын курулушу башталды Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) өкүлдөрү, куруучулар, жеке компаниялар менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен Ош шаарында ишке ашырылып жаткан 4 долбоордун курулушу менен жеринде […]Читать далее