Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2023-жылдын 18-декабрына чейин “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялоо чечимин кабыл алды. Мындай кадам “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан жарыяланган мамлекеттик […]Читать далее
«Манас» аэропортунда Кыргызстандын эркектер арасында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондорун
2023-жылдын 26-сентябрында «Манас» эл аралык аэропортунда эркектер арасында грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданы тосуп алуу аземи өттү. Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн дүйнө чемпионатында эркектер арасында өткөн грек-рим күрөш боюнча мелдеште Кыргызстандын балбандары Акжол Махмудов (77 килограмм чен бирдикте) жана Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм салмак категориясында) алтын байге жеңди. Спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын аэропорттон […]Читать далее
“Унаа” мамлекеттик мекемеси өз алдынча агенттик болуп өзгөрөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн кол койгон. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын маалыматына таянсак, аталган чечим менен “Унаа” ишканасынын мындан аркы иш алып баруу ыкмасы толугу менен өзгөртүлөт. Агенттиктин Бишкек, Ош шаарларында жана 40 […]Читать далее
Бишкекте №31 “Бермет” мектепке чейинки билим берүү мекемеси капиталдык оңдоодон кийин (Бөкөнбаев көч., 119) салтанаттуу түрдө ачылды. Биринчи май районунун акиминин милдетин аткаруучу Райым Жолдошов куттуктоо сөз сүйлөп, жаңыланган имараттын ачылышы менен кызматкерлерди жана ата-энелерди куттуктады. Ага райондун акиминин орун басары Айнура Арстамбекова жана райондук билим берүү борборунун башчысы Самара Шербаева катышты. Бала бакчанын имараты […]Читать далее
Бүгүн борбор калаа муниципалитетинде ЭКО таксилеринин биринчи партиясы Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровго сунушталды. “Муниципалдык ЭКО ТАКСИ” долбоору Бишкек шаарында экологиялык таза транспортту өнүктүрүү демилгесинин бир бөлүгү болуп саналат, ал атмосферага зыяндуу заттардын чыгышын азайтууга мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, «Муниципалдык ЭКО ТАКСИ» айдоочулар үчүн жеңилдиктерди берет: – «Муниципалдык экотранспорт» үчүн атайын бөлүнгөн сары тилкеде электр […]Читать далее
Учурда борбор калаада Ж.Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде заманбап аялдама комплексинин расмий ачылышы болду. Бул комплекс борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен Бишкек шаарынын жол-транспорт инфраструктурасында жүргүзүлүп жаткан ири реформанын алкагында иштелип чыккан. Ага борбор калаанын мэринин орун басарлары Максатбек Сазыкулов, Нурдан Орунтаев жана «Бакай Банктын» төрагасынын орун басары Марат Какеев катышты. Буга чейин […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда №26 бала бакча ачылды. Капиталдык курулуш башкармалыгы Самойленко көчөсү, 5а дарегинде жайгашкан бала бакчага кошумча корпустун курулуш иштерин аяктады. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга ылайыкталган. Эки кабаттуу, жер төлөсү жок. Имараттын жалпы аянты – 1442 чарчы метр. Бала бакчанын сметалык наркы – шаардык бюджеттен 118 млн сомду […]Читать далее
Нарын шаарында кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамына ээ болушунун 34 жылдыгын белгилөө боюнча жарыяланган 1 айлыктын алкагында шаардык мекеме-ишканаларда эмгектенген кызматкерлер жат жазуу жазышты. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Кыргыз тилчи мугалимдердин көзөмөлүндө, 200 сөздөн турган текстти жазган кызматкерлердин жат жазуулары кыргыз тилчи мугалимдер тарабынан текшерилип, грамматикалык катасынан тышкары кол жазмаларына […]Читать далее
Республика боюнча түзүлүүчү кыска мөөнөттүү 500 бала бакчанын 133үндө жана мектепке чейинки 60 өнүктүрүү борборлорунун 29унда оңдоп-түзөө жумуштары жүрүп жатат. Курулуш иштери дээрлик бардык облустарды уланууда. Бул объекттердин айрымдарында оңдоп-түзөө иштери жыйынтыкталып калса, калгандарында учурда жумуштар жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү дагы 122 имаратта ремонт башталат. Эки долбоорлго кошулган башка объекттерде жумуштар тендер процедуралары аяктаган соң […]Читать далее
“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору боюнча техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу
“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору боюнча техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу боюнча жумуш аяктады. Учурда үч мамлекет ортосундагы биргелешкен темир жолду куруунун каржылоосу каралууда. Тактап айтканда каржылоо модели боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Андыктан, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол куруу долбоору токтоп калды деген маалымат чындыкка дал келбейт.Читать далее