Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы Жаман-Адыр массивин өздөштүрүү жана ирригациялык тармактарды калыбына келтирүү боюнча долбоордун алкагындагы аткарылып жаткан ишти жеринен көрүп, сапатын текшерди. Облус жетекчиси иштин сапаттуу жана өз убагында бүткөрүлүшү долбоордун ийгиликтүү болушунун негизги фактору экенин баса белгиледи. Эльчибек Джантаев иштин жогорку сапаты биринчи […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Ишкерлер күнүн майрамдоого арналган майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты. Өз сөзүндө МинКаб Төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын ишкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын өлкө экономикасын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымын белгиледи. “Өткөн пандемия жана каатчылык мезгилдерге карабастан, ишкерлер өздөрүнүн чечкиндүү чечимдеринин, ылдамдуулугунун жана эффективдүү башкаруусунун […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ун рыногундагы кырдаалды турукташтыруу боюнча тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Ун комбинаттары ассоциациясы тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдикте, ун тегирмендердин баасында сатуу боюнча бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаарында атайын жарманкелер иштеп баштады. Жарманкеде 1-сорттогу ундун 1 кг баасы 30 сомдон ашпайт. Бишкек шаарындагы ун сатылуучу жарманкенин даректери: – “Дордой моторс” базары – […]Читать далее
20-сентябрь күнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы алдын ала маалымат боюнча саат 12:00 чамасында кокту-колоттордон келген сел суулары Чолпон-Ата шаарындагы жана Бактуу-Долоноту, Темировка, Корумду айылындагы турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорун каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ӨКМден 50 куткаруучу, 1 экскаватор, 1 мотопомпа, а/а 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, 1 грейдер, […]Читать далее
Нарындын Калмак-Ашуусунан изделип жаткан белоруссиялык Д.М. аттуу жаран куткаруучулар тарабынан аман эсен табылды. Маалым болгондой, 19-сентябрь күнү Нарын облусунун Кочкор районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 275-чакырымында (Калмак-Ашуу ашуусу) “МАН” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа ашуудан чыга албай, жолду тосуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ошол күнү саат 23:15те ыкчам түрдө жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кочкор райондук […]Читать далее
Кечээ Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардагы бир катар социалдык обьектилерди кыдырды. Анын ичинен №8 М.Горький жана №24 М.Фрунзе атындагы мектептерге да барды. Аталган билим берүү мекемелеринин аймагына курулуп калган, жеке жактарга таандык болгон курулуштарды мыйзам алкагында карап чыгып, мектептин аймагына жер тилкесин кайтарып берүү боюнча тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине жеринде тиешелүү тапшырмаларды берди. […]Читать далее
Ашууда калган жүк ташуучу унаанын айдоочусу изделүүдө. Такталган маалымат боюнча ал Белоруссия өлкөсүнүн жараны. 19-сентябрь күнү Нарын облусунун Кочкор районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 275-чакырымында (Калмак-Ашуу ашуусу) “МАН” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа ашуудан чыга албай, жолду тосуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Саат 23:15те ыкчам түрдө жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кочкор райондук №42 ӨКБдан 3 […]Читать далее
Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында азыркы учурда 1243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу (100%), тирөөчтүн чуңкурларын казуу (100%), тирөөчтөрдү арматуралоо жана бетондоо (100%) иштери аяктады. Учурда тирөөчтөрдү орнотуу иштери 100% аткарылды же 1243 тирөөч орнотулду жана 287,45 чакырым (63%) зымдар тартылды. Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын – Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан […]Читать далее
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов А.Масалиев кең көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки абалы менен жеринде таанышты. Мэр тиешелүү кызматтарга жолдун айрым жерлерине бордюрларды орнотууну аягына чыгаруу, А.Навои көчөсүнөн Монуев көчөсүнө чейинки бөлүктөгү ирригациялык түтүктөрдүн үстүн толук ачып чыгууну тапшырды. Мындан сырткары калаа башчысы Ленин көчөсүнө барып, Мамажан көчөсүнөн Загородный көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоп-түзөөдөн өткөн жолду көрүп […]Читать далее
Ош шаарында, 18-сентябрдан, 29-сентябрга чейин 9 айлык балдардан баштап 8 жашка чейинки балдар арасында кызамык оорусуна каршы кошумча эмдөө өнөктүгү башталды. Бул боюнча бүгүн маалыматтык жыйын өтүп, ага Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүм башчысы Н. Закиров, Ош шаарынын саламаттыкты сактоо координатору Э.Нурумбетов, ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы С. Ванчинкху, Республикалык иммунопрофилактика борборунун […]Читать далее