Бүгүн президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-апрелде “Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине бара жаткан жолдо” эл аралык конференциясынын катышуучулары менен Ала-Арча жаратылыш паркынын аймагына көчөт отургузууга катышты. “Бул иш-чараны кадимки расмий сапар катары эмес, келечекке жасалган жандуу белги катары кабыл алдым. Президенттин колдоосу жана демилгеси менен акыркы жылдары Ала-Арча жаңыча нукта өнүгүп келе […]Читать далее
“Нарын” өндүрүштүк ишканасы” ЖЧКсы орнотулган кубаттуулугу 100 МВт болгон “Куланак” ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууда. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, курулуш аянты Нарын шаарынан 40 чакырым батышты карай, Нарын жана Ат-Башы дарыяларынын кошулган жеринен 0,8 чакырым төмөн жагында жайгашкан. Нарын дарыясынын гидропотенциалын максималдуу пайдалануу жана суу астында калуучу аймакты азайтуу максатында гидротехникалык курулуштардын төмөнкүдөй түзүлүшү каралган: дамба; […]Читать далее
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов “Ала – Тоо” Эл аралык университетинде “Заманбап коомдо улуттук баалуулуктарды жана маданиятты өнүктүрүүдө жаштардын ролу» аттуу II Республикалык илимий-практикалык конференцияга катышты. Сүйүнбек Касмамбетов өз сөзүндө «Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер» аттуу жаңы доктринанын маанилүүлүгүн баса белгилеп, студенттерге ата-бабалардан калган мурастарды сактоонун зарылдыгы тууралуу айтып берди. Секциялык жыйындардын жүрүшүндө «Ала-Тоо» Эл аралык […]Читать далее
Кыргызстанда 2022-жылы жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен 150дөй адам каза болуп, өзгөчө кырдаалдардан орточо жылдык зыян 27 млн доллар деп бааланган. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев “Бишкек+25 саммитине карай туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу” эл аралык конференциясында билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк глобалдык жылуулануу процесси Кыргызстанда да байкалып, 2022-2023-жылдары өлкө тарыхында […]Читать далее
Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев Катардын транспорт министри шейх Мухаммад бин Абдулла Аль Тани менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-катар кызматташтыгынын күн тартибиндеги негизги маселелерге токтолуп, ошондой эле жакынкы аралыкта өлкөлөр ортосунда түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Мындан тышкары, тараптар эки өлкөнүн Транспорт министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты орнотууга багытталган укуктук-базалык макулдашуулардын […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2025-жылдын 1-апрелине карата республиканын аймагында жарандарга берилген социалдык төлөмдөр тууралуу маалымат берди. Министрликтин маалыматы боюнча, 26 жеңилдетилген категорияга кирген жалпы 36 091 жаран мурдагы социалдык жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация алышууда. Бул максатта 2025-жылдын 1-кварталында республикалык бюджеттен 215,4 млн сом бөлүнгөн. Мында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана […]Читать далее
“Уют” жана “Уют плюс” мейманкана комплекстери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында К.К.А. аттуу жарандын расмий киреше булактары жоктугу аныкталып, бирок ошол эле учурда – Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын борборундагы кымбат баалуу үч кабаттуу коммерциялык жайды, “Уют” жана “Уют плюс” мейманкана комплекстерин мыйзамдаштырып алганы […]Читать далее
Өлкөдө 3 жумада жүргүнчү жана жүк ташуу эрежелерин бузган айдоочуларга 5,6 млн айып салынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптары менен белгиленген салмак-габариттик ченемдердин сакталышын камсыздоо максатында рейддик иш-чараларды жүргүзүлүүдө. 1-апрелде башталган текшерүү иштеринин 3 аптасында (21-апрелге чейин) 51 […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жайгашкан «Терек Таш» цемент заводунун өндүрүшүнүн ишмердүүлүгү менен таанышып, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү. Ведомстводон билдиришкендей, «Терек Таш» цемент заводу 2024-жылдын 30-августунда ачылып, пайдаланууга берилип, 150 адам жумуш орун менен камсыздалган. Өндүрүмдүүлүк кубаттуулугу […]Читать далее
Бюрократиядан санарипке өтүү. Өлкөдө “Электрондук апостиль” системасын ишке киргизүү пландалууда
Кыргызстанда “Электрондук апостиль” системасын ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти. “Электрондук апостиль” маалыматтык системасы апостиль коюу процессин автоматташтыруу үчүн бирдиктүү санариптик платформа болуп саналат. Система бардык процессти камтыйт: апостиль коюуга арыздарды каттоодон баштап, документтердин жана ыйгарым укуктуу адамдардын кол тамгаларынын аныктыгын текшерүүгө, “Апостиль” электрондук мөөрүн тариздөөгө, аны системада каттоодон өткөрүүгө жана төлөм шлюзу […]Читать далее