Кыргызстанда төрт айда кайра иштетүү тармагы 30 млрд сомдук товар өндүрүп, өсүш 163,5 пайызды түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын январь-апрелинде бул көрсөткүч 23 млрд 496,8 млн сомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси – 118,1 % болгон. Натыйжада 2025-жылы өндүрүш көлөмдөрүнүн олуттуу өсүшү белгиленди. Республиканын […]Читать далее
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) вице-президенти Хонг Сокхва менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар министрлик менен KOICA`нын ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин жана гранттык жардамдын алкагында санариптештирүү, мамлекеттик башкаруу, айыл чарба жана саламаттыкты сактоо тармактарында ишке ашырылып жаткан долбоорлордун натыйжалуулугун белгилешти. Сыдыков министрлер кабинети тарабынан өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн […]Читать далее
Күн мурун Жалал-Абад облусунда ушул жылдын биринчи кварталында аткарылган социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгын чыгарган облустук коллегия өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Жыйынды президенттин өкүлү Тилек Текебаев жетектеп, облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, район акимдери, шаарлардын мэрлери, айыл өкмөт башчылары, салык кызматынын, саламаттык сактоо, билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары катышты. Коллегияда жылдын биринчи кварталында […]Читать далее
2025-жылдын 1-майына карата өлкөдө эт өндүрүүнүн көлөмү өсүп, 127,1 миң тоннага жетти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, январь-апрель айларында мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүнүн өндүрүлүшү өткөн жылга салыштырмалуу төмөндөгүдөй өсүшкө ээ болгон: эт өндүрүү – 127,1 миң тонна (өсүү 3,0%). Ар бир облуста өсүү байкалып, […]Читать далее
Бишкекте Кыргыз-сауд ишкерлер кеңешинин 2-жыйыны өттү. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, иш-чарага катышууга Сауд Аравиянын ири компанияларынын 35 өкүлү келди. Делегацияны Сауд-өнөр жай палатасынын жетекчиси Хасан Моажеб Аль-Хувайзи жетектеди. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариевдин айтымында, бул иш сапар жогорку деңгээлдеги акыркы келишимдердин түз уландысы. Сауд Аравия Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө кылдат […]Читать далее
Кыргызстандан жылына 1,5 млн тоннага жакын көмүр Кытай менен Өзбекстанга экспорттолот. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Энергетика министрлигине караштуу “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Кайрат Маматов билдирди. Анын айтымында, учурда Тажикстанга көмүр экспорттоо боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүүдө. “Жалпы статистикада Кыргызстан боюнча жылына 4,5 млн тоннага жакын көмүр өндүрүлөт. Ошонун ичинен 3 млн тоннадай көмүр […]Читать далее
2024-жылы Кыргызстандын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 926 млрд сомду түздү. Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкендей, бул өткөн жылга салыштырмалуу 18,6 пайызга көбөйдү. Муну менен катар 2024-жылы керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү 881,9 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 12,9 пайызга көбөйгөн. Милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөр кошулбай эсептелген кирешелерди мүнөздөгөн, […]Читать далее
“Айыл чарбасын каржылоо -13” долбоору боюнча 15-майга карата 4006 насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, насыялоонун жалпы суммасы 2 млрд 451 млн 407 миңду түздү. Анын ичинен “өсүмдүк өстүрүү” боюнча жалпы 358878,0 миң сомго 746 насыя берилди: “Айыл Банк” аркылуу 187 млн 742 миң сомго 395 […]Читать далее
Салык төлөөчүлөрдүн иштөөсүн жеңилдетүү үчүн Бирдиктүү салык эсеби иштелип чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай, Бирдиктүү салык эсеп — бул салык төлөөчүнүн каражаттары сакталган виртуалдык салык капчыгы болуп саналат. Салык төлөөчү өз эсебин каалаган суммада толуктап, милдеттүү төлөмдөрдү автоматтык түрдө аткарууга мүмкүнчүлүк алат. Бирдиктүү салык системасы — салык төлөөнү жеңилдеткен жаңы ыкма. […]Читать далее
Кыргызстанда 4 айда 30 млрд сомдук азык-түлүк, суусундук жана тамеки өндүрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, республиканын кайра иштетүүчү өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндө тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктар жана тамеки өндүрүү боюнча ишканалардын үлүшү отчёттук мезгилде 19,6 пайызды түздү. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2025-жылдын […]Читать далее