Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов өлкөдөгү тигүү тармагында товар экспорттоо алдыдагы алты айдын ичинде толук калыбына келерин билдирди. Бул тууралуу ал “Биринчи радионун” түз эфиринде айтып берди. Анын айтымында, ата мекендик тигүүчүлөр Россияга товар жөнөтүүдө документтери жок ташууга көнүп калышкандыктан, бир аз кыйынчылыктарга дуушар болушту. “Өлкөдөгү тигүү тармагы негизинен Россия менен иш алып барат. […]Читать далее
Баалуу металлдар менен ишмердүүлүк жүргүзгөн ишкерлерге мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн жеңилдиктер жана колдоолор тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов “Биринчи радионун” түз эфиринде айтып берди. Маалым болгондой, зергерлик тармагы буга чейин Финансы министрлигине карап келсе, кийин президенттин тапшырмасы менен Салык кызматына өткөрүлүп, бул тармакты өнүктүрүү боюнча так милдеттер коюлган. “Зергерлик тармагы буга чейин Финансы министрлигине […]Читать далее
Кыргызстанда тигүү тармагына 1,5 млрд сомго жакын насыя берилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков мамлекеттик каржы, банк сектору жана тигүү тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жыйында билдирди. Бакыт Сыдыковдун айтымында, тигүү тармагындагы ишкерлерди пайыздык чендерди субсидиялоо аркылуу жеңилдетилген кредиттөө программасы ишке ашырылууда. “30-мартка карата 1,5 млрд сомго жакын кредит берилди. Мыйзам чегинде иштеп […]Читать далее
Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү акыркы эки жылда дээрлик эки эсеге өстү. Бул тууралуу Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев билдирди. Анын айтымында, 2023-жылы 117,7 млн доллар болсо, 2025-жылы 206,8 млн долларды түздү. Анын ичинде Кыргызстандын экспорту 30%дан ашык өскөн (2023-жылы — 33 млн доллар, 2025-жылы — 44,6 млн доллар). Белгилей кетсек, бүгүн элчи […]Читать далее
«Ала-Тоо Резорт» ачык акционердик коому «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластеринин долбооруна ылайык, Жыргалаңда курула турган объекттерге жер сатуу боюнча аукциондун 2-баскычы өтөрүн маалымдады. Компаниянын башкармалык төрагасы Жаркынбек Максүтовдун айтымында, аукционго жергиликтүү жана чет мамлекеттен келген инвесторлор да катыша алат: жергиликтүү инвесторлорго жер менчикке берилсе, ал эми чет элдик инвесторлорго 49 жылга ижарага берилет. «Буга чейинки аукциондун […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бүгүн Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынан келген мал чарбачылык тармагынын экспорттоочулары жана фермерлер менен жолугушуу өткөрдү. Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө чет өлкөлөргө мал жана эт продукциясын экспорттоодо салыктарды кошумча эсептөө маселелери талкууланды. Салык кызматынын төрагасы ишкерлер тарабынан айтылган сунуштарды, сын-пикирлерди жана көйгөйлүү маселелерди укту. Жолугушуунун катышуучулары түзүлгөн кырдаалдын негизги […]Читать далее
Президенттин ишкерлерди мыйзамсыз текшерүү боюнча мораторийи 3 тармакка тиешелүү эмес. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, бул мораторий же чектөө Салык кызматына, Бажы кызматына жана Жарандык авиация агенттигине жайылбайт. “Президент Садыр Жапаров 14-мартта ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлык ишкердик […]Читать далее
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков “Биринчи радиодо” өлкөнүн экономикасын колдоо боюнча негизги долбоор жана чаралар тууралуу айтып берди. Анын айтымында, мамлекет бир катар ири демилгелерди ишке ашырууда. Энергетика тармагында Камбар-Ата ГЭСин куруу артыкчылыктуу бойдон калууда, ал эми чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча иштер жүрүп жатат, анын ичинде микрогенерация долбоор жана чакан энергетикалык объектилерди […]Читать далее
Кыргызстанда тигүү тармагындагы ишкерлерди жеңилдетилген насыялар аркылуу колдоо улантылууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков “Биринчи” радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, каржылоо мамлекеттик эки банк аркылуу берилип жатат жана бөлүнгөн жалпы сумма 1 млрд сомго жакындап калды. Министр белгилегендей, насыялардын негизги алуучулары мыйзам чегинде иштеген компаниялар. Документтердин толук топтому жок ишмердүүлүк жүргүзгөн ишканалар […]Читать далее
Кыргызстанда ар бир медициналык адистин өзүнүн коэффициенти бар жана базалык айлык акы 7040 сомду түзөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин Бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Клара Өскөнбаева билдирди. Анын айтымында, 7040 сом бул бардык кызматкерлер үчүн бирдиктүү базалык айлык акы. Бирок коэффициенттер ар кандай. Саламаттык сактоо тармагында дарыгерлер эки категорияга бөлүнөт: […]Читать далее