Улуттук банк башкармалыгы эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банкттын Коммуникация жана эл аралык байланыштар башкармалыгынын башчысынын орун басары Ильичбек Султанкулов билдирди. Анын айтымында, чечим бүгүн, 27-февралдан тартып күчүнө кирет. Кыргызстанда февраль айында инфляциянын жылдык көрсөткүчү 2023-жылдын декабрындагы 7,3 пайыз деңгээлинен 5 пайызга чейин төмөндөгөн. “Мындай […]Читать далее
Чүй облусунун аймагында монолиттик-блоктук модулдарды өндүрүүчү завод курулат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов Facebook`тагы баракчасына жазды. Улуттук агенттик жана “Роялсафа” жоопкерчилиги чектелген коому аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Иинвестициялык долбоордун суммасы 1 млн долларды түзөт. Завод ишке киргенде бир катар жерегиликтүү жарандар иш […]Читать далее
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын 2023-жылы таза кирешеси план боюнча 194 млн доллар болсо, иш жүзүндө 302,4 млн долларды түздү. Бул тууралуу ишкананын 2023-жылга карата өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешмеде белгилүү болду. Ишканадан билдиришкендей, 2023-жылы өндүрүштүк ишмердүүлүктөн түшкөн жалпы кирешеси пландагы 734,2 млн доллардын ордуна 849 млн долларды түзгөн. 2023-жылы 13 тонна 577 кг алтын казылган. […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы “салык төлөөчүнүн кабинети” аркылуу онлайн түрдө салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды текшерүү жана төлөө кызматын ишке киргизди. Ведомстводон билдиришкендей, эми салык төлөөчүлөр Cabinet.salyk.kg сайты аркылуу үйдө же кеңседе отуруп, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн компьютер же смартфон аркылуу текшерип жана төлөй алышат. Ошондой эле бул кызмат салык төлөөчүлөрдү салык органдарына, банк мекемелерине баруудан же […]Читать далее
“Чакан ГЭС” ААК кубаттуулугу 25 МВт болгон Папан суу сактагычынын дамбасына кичи ГЭСти куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча түз сүйлөшүүлөрдүн процедурасына чакырат. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунан билдиришкендей, долбоордун инвестициялык суммасы болжол менен 27 млн долларды тузөт. Инвестицинын акыркы суммасы ыйгарым укуктуу орган бекиткен долбоордук-сметалык документтерге ылайык аныкталат. Сынакка катышууну каалагандар квалификациялык тандоо арызы менен конвертти […]Читать далее
Бишкекте “Кийим тигүү тармагы: күчтөрдү бириктирүү жана тигүү тармагынын көйгөйлөрүн биргелешип чечүү” деген темада тегерек стол өттү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргызстандын Кытайдагы элчиси, Мамлекеттик бажы кызматынын, Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргызстандын тигүүчүлөр ассоциациясынын, КР текстиль жана тигүү өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү катышты. Жыйында бир катар маселелер, атап айтканда, тигүү тармагын […]Читать далее
Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев Катар өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Халиф бин Жассим Аль-Кувари менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Катар өнүктүрүү фондунун ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууда өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелерине токтолушту. Тактап айтканда, Бишкек шаарында клиникалык тез жардам ооруканасынын кошумча имаратынын курулушу (жалпы […]Читать далее
Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравиянын Мамлекеттик инвестициялык фондунун улук директору, кызыкдар тараптар менен байланыш департаментинин башчысы Мульхам Аль-Бакри менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Сауд Аравиянын Мамлекеттик инвестициялык фондунун ортосундагы инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыкты чыңдоого байланыштуу бир катар маселелер каралды. Улукбек Марипов Кыргызстандын Сауд Аравиянын Мамлекеттик инвестициялык фонду менен кызматташууну активдештирүүгө […]Читать далее
Кыргызстан менен Россиянын ишкерлери биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Москвада “Деловая Россия” ассоциациясынын ишкерлери менен жолугушту. Бул ишкер жамаат Россиянын бардык аймактарынан 800 млн сомдук каржы жүгүртүүсү менен 36дан ашык комитетти бириктирет. Тараптар үстүбүздөгү жылдын март […]Читать далее
2023-жылы Финансы министрлигинин Ички аудит кызматы тарабынан пландалган 443 объектинин 404 объектисинде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, ошентип, пландын аткарылышы 91% түзгөн. Ички аудит кызматы тарабынанан укук коргоо органдарынын (прокуратура, ички иштер, УКМК), ошондой эле жарандардын жана мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин кайрылуулары боюнча 136 объекти боюнча атайын иликтөө иштери жүргүзүлүп, аткарылган иштер 109% түзгөн. […]Читать далее