Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстандын аймагына тоок жумурткаларын алып кирүүгө (импорттоого) 6 айга чектөө киргизүүнү караштырууда. Ведомстводон билдиришкендей, бул чара ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган. Убактылуу чектөө киргизилгенден кийин ата мекендик канаттуулар ишканалары тарабынан тоок жумурткаларын өндүрүү жана импорттук продукцияга болгон атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жогорулайт. Бул чара тышкы жеткирүүлөрдөн көз […]Читать далее
Алдын ала маалымат боюнча, 2024-жылы Кыргызстанда экономикалык өсүү 9% деңгээлинде сакталды. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын “Азияны өнүктүрүүгө сереп” жылдык баяндамасында айтылат. Азия өнүктүрүү банкынын маалыматына караганда, Кыргызстандын экономикалык өсүү темпи министрлер кабинетинин экономикалык активдүүлүктү тең салмакташтыруу жана инфраструктураны модернизациялоо боюнча демилгесинин аркасында сакталды. Сунушталган факторлор тарабынан өнөр жайдын өсүшү 2023-жылдагы 4,8%дан 5,6%га чейин тездеди, […]Читать далее
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жана экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, Hytera компаниясынын телекоммуникация жабдыктарын чогултуучу ишкананы пайдаланууга берүү аземине катышты. Экономика министрлигинен билдиришкендей, аталган компаниянын телекоммуникация жабдыктарын учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлиги, Коргоо министрлиги жана Финансы министрлигинин алдындагы Бажы кызматы пайдаланып жатат. Ошондой эле, Суу ресурстары, айыл […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабын өткөрүүдө, ал ушул жылдын 1-майына чейин уланат. Ведомстводон маалымдашкандай, көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин салык декларациясын тапшырууга төмөнкүлөр милдеттүү: – жеке ишкерлер; – патенттин негизинде же өзгөчө режимдеги соода аймагында иш жүргүзгөн жеке жактар; – чет мамлекеттин аймагында турган эл аралык уюмдарда, дипломатиялык […]Читать далее
Мамлекеттик бажы кызматы 2025-жылдын I кварталында бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн 31,1 млрд сом өлчөмүндө камсыз кылды. Ведомстводон билдиришкендей, киреше планы 100,9%га аткарылды же 286,9 млн сомго көп чогултулду. Бажы кызматы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө жана өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө салым кошууну улантууда.Читать далее
“Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорун алкагында 5607 фермер каржыланды
“Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорун алкагында 5607 фермер каржыланды. Бул туулалуу финансы министрлиги маалымдады. 2025-жылдын 31-мартына карата фермерлерге келишимдер түзүлүп, төлөмдөр жүргүзүлдү: Ысык-Көл облусунда (Түп, Ак-Суу, Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Тоң р-ну) 1937 адамга (306 СӨЗТ) 249 900 000 сом. Нарын облусунда (Кочкор, Нарын, Жумгал р-ну, Ат-Башы, Ак-Талаа р-ну) 1948 адамга (303 СӨЗТ) 251 815 000 […]Читать далее
2025-жылдын январь-март айларында 63 млрд 852,2 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, салык чогултуу боюнча план 4 млрд 388,6 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Түшүүлөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,8 млрд сомго көп. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 19 млрд 114,5 млн сом чогултулуп, план 1 млрд 14 […]Читать далее
2024-жылы өлкөгө сырттан 872 млн доллар инвестиция келген. Бул тууралуу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов радиолордун бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, бул 2023-жылга салыштырмалуу 3% га көп. 2023-жылы өлкөгө сырттан 844 млн доллар инвестиция келген. Ал эми чыккан инвестициялардан саны 284,9 млн долларды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 50%га төмөндөдү. […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы мыйзамга ылайык Салык кодексиндеги салык төлөөчүлөрдү “нөлдүк” көрсөткүчтөр менен отчетторду берүүдөн бошоткон өзгөртүүлөр тууралуу эскертет. Ведомстводон маалымдашкандай, бул өзгөртүү бирдиктүү салык декларациясына тиешелүү эмес, аны белгиленген тартипте тапшыруу керек. Бул өзгөртүү мурунку отчеттук мезгилдерге, анын ичинде 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилдерге да жайылтылат, анткени ал салык төлөөчүлөрдүн абалын жакшыртууга жана мурда жасалган бузуулар […]Читать далее
2024-жылы “Учкун” ААК 1,7 млрд сом киреше тапты. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов күн мурун ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышууга келген Жогорку Кеңештин депутаттарына айтып берди. Ишканадан билдиришкендей, “Альянс” жана “Ынтымак” фракцияларынын депутаттары “Учкун” ишканасынын ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери менен жеринде таанышып, 2024-жылдагы каржылык көрсөткүчтөрү боюнча маалымат алышты. Бообек Салимжановдун айтымында, ишкананын […]Читать далее