Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинде болуп ханыша Елизавета IIнин элесине арналган көңүл айтуу китебине жазуу калтырды. «Улуу Даражалуу Ханыша Елизавета IIнин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу чын жүрөктөн көңүл айтам. Ата-Мекенге, элге жана анын таламдарына жан аябастык менен кызмат кылуу, Улуу Британиянын жыргалчылыгы үчүн жан аябас күрөшүү – планеталык масштабдагы […]Читать далее
7-сентябрда Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын агробизнес альянсынын жетекчиси Др. Пэр Бродерзен жана Борбордук Азия боюнча өлкөлүк жетекчиси Дирк Штратман менен жолукту. Жолугушууда учурунда Элчи Ө.Текебаев Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл-чарба продукциясын Германияга жана Европа биримдигинин өлкөлөрүнө экспорттоо потенциалы тууралуу маалымдады. Ошону менен бирге Элчи кыргызстандык продукциясын экспорттоо менен катар Кыргызстандын аймагында айыл чарба продукциясын кайра […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Nuctech Company Limited» (Кытай Эл Республикасы) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Министрлер кабинетинин башчысы республика Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттер аралык мамилелерди жана көп кырдуу кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи. Акылбек Жапаров кытайлык инвесторлор менен кызматташууну жайгарууга кызыкдар экенин […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Улуу Британиянын Бириккен Падышачылыгы жана Түндүк Ирландиянын падышасы Карл III ханыша Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. “Улуу Даражалуу ханыша Елизавета II каза болгондугу тууралуу кабар Кыргызстанда терең кайгыруу менен кабыл алынды. Өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтуумду кабыл […]Читать далее
Карл III Улуу Британиянын жаңы падышасы болду. Бул тууралуу ВВС басылмасы жазат. Эскерте кетсек, Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II Шотландиядагы Балморал сепилинде дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, кечээ дүйнө салган. Ханыша каза болгон учурда британдын таажысы дароо жана эч кандай салтанаты жок анын мураскору, Уэльстин мурдагы ханзаадасына өткөрүп берилди.Читать далее
Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II каза болду. Бул тууралуу BBC жазды. Елизавета II Шотландиядагы Балморал сепилинде дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон, ал жакка буга чейин ханышанын үй-бүлөсү мүчөлөрү чогулган. Өлкөнү 70 жыл аралыгында башкарып турган Елизавета II 96 жашында дүйнө салды.Читать далее
Кечээ, 7-сентябрда Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Аравия, Катар, Кувейт, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Омандын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы саясат мекемелеринин башчылары менен бирге “Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши + Борбор Азия” аталышындагы стратегиялык диалогдун биринчи министрлер жыйынына катышты. Ведомстводон билдиргендей, бул платформа соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө аймактар аралык […]Читать далее
5-сентябрда Аламүдүн РИИБдин жетекчиси Нурлан Эркинбаев Пакистан мамлекетинин элчиси Марван Алекс Айаш жана консулдук иштер боюнча Атташе Саддам Хусейн менен жолугушту. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында өттү. Пакистан мамлекетинин элчиси Марван Алекс Айаш Аламүдүн районун аймагында пакистандык студенттердин коопсуздугун сактоодо жана ар кандай кырдаалдарда […]Читать далее
Кыргызстанга Германиядан туристтер туристтик поезд менен келишти. Алардын келүүсүнүн максаты – өлкөнүн кооз жерлерин кыдыруу, кыргыз элинин тарыхий жана маданий мурастары менен таанышуу . Август айында германиялык “Lernidee Erlebnisreisеn GmbH” туристтик компаниянын өкүлдөрү Германиядан келе турган коноктор үчүн Кыргызстандын ичиндеги темир жол аркылуу туристтик турга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен “Кыргыз темир жолу” УК” МИге кайрылышкан. […]Читать далее
Екатеринбург шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата мекендештердин спорттук командаларынын катышуусунда, футбол жана волейбол оюндары боюнча мелдештер болуп өттү. Мелдештер Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу, Свердлов облустук «Кыргызстан-Урал» жана Бүткүл россиялык «Кыргыз конгресси» аймактык коомдук уюмдары менен биргеликте уюштурулду. Башкы консул Руслан Бийбосунов мелдештердин катышуучуларын жана иш-чаранын конокторун Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, […]Читать далее