Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү

 Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу Төрага мырза,

Урматтуу делегация башчылары,

Урматтуу Башкы катчы мырза,

Боордош Венгрияны Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жетимиш жетинчи сессиясынын Төрагасы болуп анын жогорку өкүлүнүн шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Урматтуу Чаба Кёрёши мырзага ушундай маанилүү эл аралык кызматта албан-албан ийгиликтерди каалайм.

Кыргыз Республикасы Сиздерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө дайым даяр экендигин билдирем.

Ушуну менен бирге, БУУнун Башкы Ассамблеясынын мурунку сессиясынын Төрагасы, урматтуу Абдулла Шахид мырзага дүйнөлүк коомчулук үчүн оор мезгилде талыкпай эмгектенгендиги, ошондой эле биздин өлкөнүн эл аралык демилгелерин дайыма колдогондугу үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Мындан 77 жыл мурда адамзаттын тарыхындагы эң айыгышкан Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Бириккен Улуттар Уюму түзүлгөн.

Балким, 1945-жылы Сан-Франциско шаарында уюмду түзүү боюнча эл аралык келишимге кол койгон БУУнун негиздөөчү мамлекеттери согуштар, кыйроолор, ачарчылык, азап-тозоктор биротоло токтойт деген ойдо болушкандыр?

Мен андай деп ойлобойм.

Эгерде талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди компромисстин жана ак ниеттүүлүктүн маанайында чечүү зарыл деген өз ара түшүнүшүү болсо, анда ар дайым ийгиликке жетишсе болот.

Албетте, БУУнун тарыхында көптөгөн маанилүү жеңиштер жана ийгиликтер болду.

Чыр-чатактар жана кагылышуулар дүйнөнүн ар кайсы аймагында ар кандай даражадагы ургаалдуулук менен болгонуна карабастан, БУУ моралдык авторитет болуп, тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодо, адамдардын керектөөлөрүн жана муктаждыктарын камсыз кылууда маанилүү бириктирүүчү ролду ойноду.

Тынчтыкта жашоонун фундаменталдуу негиздери бузулат жана чоң согуш болушу мүмкүн деген коркунучтан улам дүйнөлүк коомчулукта тынчсыздануу пайда болуп, дүйнөдөгү геосаясий кырдаал болуп көрбөгөндөй татаалдашкан шартта: “эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо, ушул максатты көздөп тынчтыкка каршы коркунучтарды болтурбоо жана жоюу, агрессияны же тынчтыкты бузган башка аракеттерди токтотуу боюнча натыйжалуу жамааттык чараларды көрүү, эл аралык талаш-тартыштарды же тынчтыкты бузушу мүмкүн болгон кырдаалдарды адилеттүүлүкт үн жана эл аралык укуктун принциптерине ылайык тынчтык жолу менен жөнгө салуу же чечүү, элдердин тең укуктуулук жана өзүн таануу принцибин урматтоонун негизинде улуттар арасында достук мамилелерди өнүктүрүү” деп БУУнун Уставында жазылган бийик максаттарды жана милдеттерди баарыбыз эстен чыгарбай, өзгөчө маани берип, милдеттерди аткарышыбыз керек.

Биздин өлкө мамлекеттүүлүктү түзгөндөн баштап эле БУУнун Уставын ырааттуу жана катуу сактап, өзүбүздүн милдеттерибизди ак ниет аткарып келүүдөбүз.

Ушул жылдын март айында өлкөбүздүн Бириккен Улуттар Уюмуна киргенине туура отуз жыл болду, ал эми Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн отуз бир жылдыгын жакында эле, 31-августта белгиледик.

Биз дайыма “эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүгө” умтулабыз.

Биз эл аралык мамилелерде “кандайдыр бир мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө же саясий көз карандысыздыгына каршы күч колдонуудан же коркунуч келтирүүдөн” дайыма алыспыз.

Өлкөбүздүн басып өткөн татаал жолуна көз чаптырып, Кыргызстандын көз карандысыз жана эгемендүү мамлекет, эл аралык коомчулуктун тең укуктуу жана жоопкерчиликтүү мүчөсү катары калыптанышына БУУнун кошкон көп кырдуу салымын абдан жогору баалайбыз.

Саясий, коомдук жана жарандык институттарды калыптандырууда, демократияны чыңдоодо, рыноктук экономиканы өнүктүрүүдө БУУнун колдоосун жана жардамын элибиз эч качан унутпайт.

Өзүнүн эгемен мамлекетин түзүү жөнүндө кыргыз элинин кылымдардан бери келе жаткан асыл максатын ишке ашырууга чын ыкластан жана жан-дили менен жардам берген БУУнун системасынын бардык жетекчилерине жана кызматкерлерине айкөл элибиздин жана жеке өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем.

Сиздерге чоң рахмат!

Урматтуу Төрага мырза, Учурдан пайдаланып, ушул бийик трибунадан дүйнө коомчулугунун назарына кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын кезектеги курчушуна байланыштуу соңку окуяларды эске алып, өлкөбүздүн түштүк чек арасында түзүлгөн жагдайларды билдиргим келет.

Адегенде, тарыхка кыскача токтоло кетейин.

1991-жылдын декабрында Советтер Союзу тарагандан кийин талаштуу аймактар жана чек ара көйгөйлөрү келип чыккан.

Алардын айрымдары ушул күнгө чейин жөнгө салына элек.

Совет-кытай чек арасынын бүткүл периметри боюнча жыйырмадан ашык талаш жер болсо, анын ичинде Кыргызстанда беш талаш жер болгон.

Биз алгач ирет 1996-жылы Кытай Эл Республикасы жана 1999-жылы Казакстан Республикасы менен үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын тогошкон жерин, чек араны жөнгө салуу маселелерин ийгиликтүү бүтүргөнбүз.

Биз азыр Өзбекстан Республикасы менен биргелешкен иштерди дээрлик толугу менен аяктап, Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюуга киришип жатабыз.

Аталган үч коңшу өлкө менен мамлекеттик чек арабыз тынчтыктын, ынак коңшулуктун, достуктун жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын чек арасына айлангандыгын зор кубаныч менен баса белгилеп кетем.

Тажикстан Республикасы менен болгон мамилебиз боюнча төмөнкүлөрдү билдирем.

Биздин ынак коңшу элдерибиз илгертен бери өтө жакын жашайт.

Бизди жалпы баалуулуктарыбыз, маданиятыбыз, каада-салтыбыз бириктирип турат, биздин динибиз бир.

Биздин элдерибиз туугандык байланыштар менен чырмалышкан.

Айтылуу Манас атабыз тажик канышасы Каныкейге үйлөнгөн.

Советтер Союзу юридикалык жактан 1991-жылдын 21-декабрында Казакстан Республикасынын Алма-Ата шаарында тараган, мында 11 көз карандысыз мамлекеттин башчылары “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин түзүү жөнүндө” Алма-Ата Декларациясын кабыл алышкан.

Декларацияда көз карандысыз мамлекеттер бири-биринин аймактык бүтүндүгүн жана учурдагы чек араларынын бузулбастыгын тааныйт жана урматтайт деп белгиленген.

Алар «достук, ынак коңшулук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелеринин терең тарыхый тамырын бекемдөө элдердин негизги кызыкчылыктарына жооп берет, тынчтык жана коопсуздук ишине кызмат кылат» деп көрсөтүшкөн.

Өлкөлөр «жарандык тынчтыкты жана улут аралык ынтымакты сактоо үчүн өзүнүн жоопкерчилигин» сезет деп жазылган.

Бул юридикалык документке Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин 11 мамлекетинин президенттери, анын ичинде Тажикстан Республикасынын Президенти да кол койгон.

Андан кийин 1994-жылдын 15-апрелинде “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин суверендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана чек араларынын кол тийгистигин сактоо жөнүндө” Москва Декларациясында бул принципти Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон өзү да ырастаган.

Кол койуп, макул болгон.

Бирок азыр ал принциптен тайып жатканы өкүнүчтүү.

Ал Тажикстандагы кандуу жарандык согуш аяктагандан кийин 1998-жылы биринчи расмий иш сапарын Кыргыз Республикасына жасаган.

Кийин Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамлекеттер аралык эки келишим:

1996-жылдын 12-июлундагы Мамлекеттер аралык мамилелердин негиздери жөнүндө келишим жана 2004-жылдын 26-майындагы Ынак коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө келишим түзөлгөн.

Эки келишим тең Дүйшөмбү шаарында кол коюлгандыгын белгилеп кетким келет.

Урматтуу Төрага мырза,

Эки мамлекеттин ортосундагы чек ара маселелерин жөнгө салуу боюнча иш башталгандан тартып кыргыз тарап дайыма өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерге, анын ичинде эки тараптуу милдеттенмелерге ылайык иш жүргүзүп, өз ара пайдалуу компромисстерди сунуштоого аракет кылып, конструктивдүү маанайдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келебиз.

Белгилей кетсем, 2021-жылдын апрелинде Тажикстандын куралдуу күчтөрү биздин аймагыбызга негизсиз эле масштабдуу агрессия жасады, анын кесепетинен 36 жараныбыз курман болуп, олуттуу материалдык зыян келтирилди.

Кыргыз калкымдын сынына кабылсам да, ортолук аянтта жолук деген талапты коюшкан 2021-жылдын июнунда Дүйшөмбү шаарына учуп барып, Чек ара боюнча өз ара пайдалуу чечимди табууга аракет кылып, Президент Рахмон менен жолугуштум.

Элим үчүн мен сүйлөшүүлөргө, Ошол күндөгүдөй он саат гана коротпостон, бул маселени биротоло чечүү үчүн канча болсо да убактымды дагы деле коротууга даярмын.

Албетте, кандай чечим болсо дагы өз ара эки тарапка пайдалуу чечим болушу керек.

Ал эми ушул жылдын 14-, 15- жана 16-сентябрында Кыргызстандын түштүгүндө масштабдуу аскердик кагылышуу болгондугун терең кайгыруу менен кабарлайм.

Мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, тажик тарап, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын жараныбыз чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Аларга керектүү жардамдар көрсөтүлүп жатат.

Ушуга байланыштуу тилектештик жана моралдык колдоо көрсөткөндүгү үчүн БУУ системасына, досторубузга, өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдирем.

Жарандык жана аскердик объекттерге: үйлөргө, административдик имараттарга, мектептерге, чек ара тозотторуна чоң материалдык зыян келтирилди.

Кандай гана болбосун материалдык зыяндын ордун толтурса болот экен.

Бирок өз өмүрүн аябастан Мекени үчүн согушуп курман болгон биздин эр жүрөк жоокерлерибиздин, аткылоого кабылган жарандарыбыздын ордун толтура албайт экенсиң.

Биз каарман жоокерлерибиздин эрдиктерин эч качан унутпайбыз.

Тажикстан тараптын эч кандай себепсиз эле жасаган ушундай куралдуу агрессиялык жүзүкаралык акциялары бизди өтө капа кылууда, анткени биздин өлкөлөрдүн ортосунда эл аралык келишимдер жана милдеттенмелер түзүлгөн болчу.

Пакта сунт серванда (Pacta sunt servanda) – “Келишимдер сакталышы керек” деп латын макалында айтылат.

Биз тажик кошунабыз менен кандай гана форматта болбосун, эл аралык эрежелердин негизинде, цивилизациялуу юридикалык жолдор менен сүйлөшүү процессин улантууга даярбыз.

Коңшубуздун мыйзамга каршы соңку аракеттеринин кесепетинен биздин ишенимибиз солгундап кеткендигин эске алып, биз сүйлөшүүлөрдү улантууга эл аралык, анын ичинде БУУ, Европа Кызматташтык жана Коопсуздук Уюму, Жамааттык Коопсуздук Кызматташтык Уюму сыяктуу уюмдардын ортомчулугуна да даярбыз.

Бизде тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар.

Биз эч качан биринчи болуп кол салган эмеспиз жана кол салбайбыз.

Ар дайым курал колдонуудан алыс болууга аракет жасап келебиз жана эч качан куралсыз жай тургундарды атпайбыз!

Бизге дайыма тажик тараптын жасаган агрессиясына адекваттуу жооп кайтаруу менен гана чектелип жатабыз

Ушуга байланыштуу төмөнкүлөрдү баса белгилейм:

кыргыз тарап бөтөн жерге көз артпайбыз, бирок бир да сантиметр оз жерибизди бирөөгө бербейбиз.

Биз бардык чек ара жана чарба маселелери сүйлөшүүлөр менен гана чечилиши керек деп эсептейбиз.

Бүгүнкү күндө чек арага жакын райондордо коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү, жергиликтүү калк арасында чыңалууну күчөтүүгө багытталган ар кандай аракеттерге бөгөт коюу, эки мамлекеттин ортосундагы ишенимди бекемдөө маселелери абдан маанилүү болуп турат.

Ошондуктан биз сүйлөшүүлөргө,  чек ара тилкелерибизди тез арада такташып бүтүүгө дайым даярбыз.

Урматтуу Төрага мырза,

Жалпы БУУнун проблематикасына токтолуп, төмөнкүлөрдү белгилегим келет.

Быйыл биз БУУнун 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу мезгилинин жарымына келдик, ушуга байланыштуу азыркы абалды объективдүү баалай алабыз.

2015-жылы Туруктуу өнүгүү максаттарынын “Эч кимди артта калтырбоо” деген ураан менен кабыл алынышы биздин жана кийинки муундарыбыздын кызыкчылыгы үчүн дүйнөлүк коомчулуктун конструктивдүү бир пикирге келе ала тургандыгын айгинеледи.

Ошол эле учурда объективдүү жагдайлар боюнча, анын ичинде коронавирус пандемиясынан улам, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде, анын ичинде биздин өлкөдө да Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу басаңдагандыгы, ал эми адекваттуу эл аралык каржылоо болбосо, алардын көпчүлүгү Туруктуу өнүгүү максаттарынын көрсөткүчтөрүнө жете албай калышы мүмкүн экендиги айкын болду.

Кыргыз Республикасы Туруктуу өнүгүү максаттарын колдоорун жана аны улуттук мүмкүнчүлүктөрдү эске алып, этабы менен ишке ашырууга умтуларын ырастайм.

Өлкөбүздүн өздүк потенциалы туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуунун негизги булагы жана кыймылдаткычы болушу керек деп эсептейм.

Бул максатта биздин аракеттерибиз экономиканы ылдам, сапаттуу өстүрүүгө, анын ичинде ага өз ара пайдалуу региондук жана эл аралык соода-инвестициялык кызматташуу аркылуу жетишүүгө багытталат.

Мисалы, Кыргызстан интеграциялык жана кооперациялык процесстерге, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин жана Кытай Эл Республикасынын “Бир алкак – бир жол”демилгесинин алкагында активдүү катышууда.

Биз бардык кызыкдар тараптар менен ишкердик кызматташууга жана инвестициялык өнөктөштүккө ачыкпыз.

Белгилүү болгондой, Борбордук Азиянын деңиз менен байланышы жок, ушуга байланыштуу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маанилүү региондук долбоор болуп саналат.

Аны ишке ашыруу Улуу Жибек Жолунун каттамында жайгашкан Борбордук Азия үчүн эл аралык соода-инвестициялык, транзиттик жана туристтик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.

Жүргүзүлүп жаткан саясаттын алкагында “жашыл”, “санариптик” жана “креативдүү”экономиканы өнүктүрүүгө артыкчылыктуу көңүл бурулат.

Өлкөдө “жашыл экономика” локомотиви болгон гидроэнергетика тармагы активдүү өнүгүүдө, чакан жана орто ГЭСтер пайдаланууга киргизилүүдө.

Эң ири Камбарата ГЭСин курууга биздин ынак коңшуларбыз – Казакстан жана Өзбекстан катышат, анткени бул регионду энергетика менен камсыз кылууну бекемдейт жана суу ресурстарын пайдаланууну оптималдаштырат.

Эки ай мурда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын төрагалыгы менен Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү консультациялык жолугушуусу болуп өттү, ал өз ара биримдик, түшүнүшүү, ишеним жана колдоо бар экенин көрсөттү.

Чолпон-Ата шаарындагы “Жыйырма биринчи кылымда Борбордук Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге” бардык тараптардын кол коюусу мамлекеттер аралык алакабыздын жаңы барагын ачат деп ишенем.

Биз ушул форматтагы ишти улантууга даярбыз.

Урматтуу Башкы катчы,

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Сөзүмдүн аягында, Кыргызстан адамзаттын алдында пайда болуп туруучу чакырыктарды чечүүгө БУУнун мүчө мамлекеттери тарабынан ыйгарым укук берилген бирден-бир универсалдуу түзүм катары БУУун бекем колдойт деп ишендирем.

БУУу өзүнүн бардык функцияларын тийиштүү түрдө аткара берет жана мүчө мамлекеттерге маанилүү глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө жана терс корунушторду жеңүүдө көмөк көрсөтөт деп ишенем.

Ушул татаал эл аралык мезгилде бардык мүчө мамлекеттерди Уюмга тилектештик жана саясий колдоо көрсөтүүгө чакырам.

Урматтуу айымдар жана мырзалар, көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат.”

Связанный пост