Садыр Жапаров Королева Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу Улуу Британиянын элчилигинин көңүл айтуу китепчесине жазуу калтырды

 Садыр Жапаров Королева Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу Улуу Британиянын элчилигинин көңүл айтуу китепчесине жазуу калтырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, Королева Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу жеке көңүл айтуу үчүн Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигине барды.

Мамлекет башчысы көңүл айтуу китепчесине жазуу калтырды.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын элинин жана өзүнүн атынан Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу Улуу Британиянын Бириккен Королдугунун жана Түндүк Ирландиянын Королу Карл III, королдун үй бүлө мүчөлөрүнө жана Бириккен Королдуктун жалпы элине чын ниеттен көңүл айтты.

Связанный пост