Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров АКШ Президенти Джозев Байден-кенжеге Гавайи аралдарында өрттүн кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтып телеграмма жолдоду. “Гавайи аралдарында өрттүн кесепетинен көптөгөн адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Биз Америка Кошмо Штаттарынын элинин аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Сизге, Америка Кошмо Штаттарынын элине жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Шахбаз Шарифке көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “14-июнда Жер Ортолук деңизинде пакистандык жарандарды алып бара жаткан кеменин кырсыкка учурашынын кесепетинен болгон адам курмандыктары тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Пакистан элине, ошондой эле курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө чын жүрөктөн көңүл […]Читать далее
Президент Италиянын Премьер-министрине Сильвио Берлусконинин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Италия Республикасынын Премьер-министри Джорджа Мелониге өлкөнүн мурдагы Премьер-министри Сильвио Берлусконинин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Италия Республикасынын мурдагы Премьер-министри Сильвио Берлусконинин дүйнөдөн мезгилсиз кайтыш болгонуна байланыштуу чын дилимден көңүл айтам. Ал өлкөнүн тарыхында чоң из калтырган лидер жана Италиянын чыныгы патриоту болгон. Анын элеси Италия элинин жүрөгүндө түбөлүккө […]Читать далее
СТАМБУЛДАГЫ БАЛА МЕНЕН БАРА ТУРГАН МУЗЕЙЛЕР СИЗДЕРДИ КҮТӨТ Саякаттоо үчүн түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн Стамбул, жаш балдарды да өзүнө тарткан кооз шаар десек болот. Стамбулдагы түрдүү музейлер, балдардын маданият, технология жана тарыхый билимдерин тереңдетсе, ата-энелер үчүн руханий эс алуу, кызыктуу көз ирмемдерди тартуулайт. Стамбулдагы балдар музейлери 23-апрель Түркиянын Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар күнүнө карата кызуу даярдыктарын […]Читать далее
Сауд Аравияда жабыркагандардын жана жаракат алгандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги маалымдайт, Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы Элчилигинин алдын ала маалыматы боюнча, учурда жабыркагандардын жана жаракат алгандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Аталган маселе Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө турат. Маалымат үчүн: Меккеге бараткан автобус Асир шаарындагы көпүрөгө кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен 20 адам каза болуп, 29 адам жаракат алган.Читать далее
Кыргызстандын деңизге чыгуусу үчүн Халиф портунан 30 гектардан ашык жер бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Финансы министринин орун басары Руслан Татиков БАЭ менен сооданы өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо алкагындагы жолугушуудагы келишимге катышты. Жолугушууда эмираттык компания Абу-Дабинин эркин экономикалык аймагында логистикалык борборду жана бажы тармагын өнүктүрүү максатында Халиф портунан 30 гектардан ашык жерди Кыргызстанга […]Читать далее
Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү
БУУнун Башкы Ассамблеясынын учурдагы 77-сессиясы “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” деп аталган резолюцияны кабыл алды. Кыргыз Республикасынын демилгеси менен бул резолюция 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялады. Резолюция бир добуштан добуш берүүсүз кабыл алынды. БУУнун 109 мүчө мамлекети ага авторлош катары кошулду. “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын” жарыялоо жөнүндөгү демилге Кыргызстандын […]Читать далее
ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолукту. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун басма сөз кызматы билдирет. Жолугушууда Түркмөнстан менен эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун маданий-гуманитардык байланышын күчөтүү, маданий алаканы активдештирүү, маданий багыттагы долбоорлорду жандандыруу маселелеринин алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөн. “Президент Сердар Бердымухамедов Түркмөнстан түрк дүйнөсүнүн маданий интеграциялык процессине активдүү […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Токио шаарындагы (Япония) кыргыз продукциясы сунушталган Tokyo Big Sight көргөзмө борборунда болду. Анда кыргыз балы кардарлардын жогорку суроо-талабына ээ болууда.Читать далее
Кытайда бир суткада коронавируска чалдыккандардын рекорддук саны аныкталды. Ал дээрлик 33 миң адамды түзөт. Жаңы учурлардын көбү Гуанчжоуда аныкталган. Учурда бул шаарда 80 миң орундуу карантиндик борбор курулуп жатат. ТАСС агенттиги маалымдагандай, инфекциянын жаңы учурларынын 90%дан ашыгынын белгилери билинбейт. Бейтаптардын басымдуу көпчүлүгү инфекцияны өлкө ичинен жугузгандар. Көптөгөн аймактарда тургундарга байланышты чектеп, зарылдык болбосо үйлөрүнөн ашыкча […]Читать далее