Президент Италиянын Премьер-министрине Сильвио Берлусконинин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтты

 Президент Италиянын Премьер-министрине Сильвио Берлусконинин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Италия Республикасынын Премьер-министри Джорджа Мелониге өлкөнүн мурдагы Премьер-министри Сильвио Берлусконинин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Италия Республикасынын мурдагы Премьер-министри Сильвио Берлусконинин дүйнөдөн мезгилсиз кайтыш болгонуна байланыштуу чын дилимден көңүл айтам. Ал өлкөнүн тарыхында чоң из калтырган лидер жана Италиянын чыныгы патриоту болгон. Анын элеси Италия элинин жүрөгүндө түбөлүккө калат. Биз Сильвио Берлусконинин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, кайгысын жана жоготуусун тең бөлүшөбүз”, – деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Связанный пост