Билим берүү жана илим министрлигинин “Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптимизациялоо жөнүндө” буйругу чыкты. Ведомстводон маалымдашкандай, буйрукка ылайык жалпысынан 53 жалпы билим берүү уюму кошулат, анын ичинен: Ош облусунда – 22; Нарын облусунда – 10; Чүй облусунда – 6; Баткен облусунда – 5; Жалал-Абад облусунда – 5; Талас облусунда – 2; Ысык-Көл облусунда […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы №1 Т.Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүү орто мектеби “Кыргыз Республикасынын мыкты мектеби” болуп аныкталгандыгын маалымдайт. Республикалык тандоо 5 этаптан туруп, жалпы 122 мектеп катышты. Тандоо Кыргыз Республикасынын мыкты мектептеринин алдыңкы иш тажрыйбасынын үлгүлөрүн, мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрүн коомчулукка жана […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларды электрондук китептерди колдонууга чакырат. Министрлик окуу китептеринин электрондук варианттары https://kitep.edu.gov.kg/kg электрондук китепкана сайтында жайгаштырылганын маалымдайт. Мында окуу китептерин компьютер, телефонго жүктөп же кагаз түрүндө басып чыгарып алса болот. Ошондой эле 2024-2025-окуу жылында окутуу орус жана кыргыз тилинде жүргүзүлгөн Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдары тарабынан колдонулууга уруксат […]Читать далее
Ысык-Көл облусу боюнча 5 мектеп соңку жаан-чачындан кийинки селдин кесепеттерин жоюу жана оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу аралыктан (онлайн) окутууга өттү. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен: Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Ж.Алтымышбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби 16-сентябрга чейин; Ак-Суу районунун Черик айылындагы Т.Мамбетакунов атындагы толук эмес орто мектеби 20-сентябрга чейин; […]Читать далее
Бүгүн, 2-сентябрда өлкөнүн бардык жалпы билим берүү уюмдарында биринчи коңгуроо кагылып, жаңы окуу жылы башталды. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында жана жаңы окуу жылынын башталышына карата мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов борбордогу Т. Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясында “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” темасында ачык сабак өттү. Zoom […]Читать далее
Бүгүн Кыргызстандагы мектептерде биринчи коңгуроо кагылып, жаңы окуу жылы башталды. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, республика боюнча 2173 мамлекеттик, 204 жеке менчик мектеп бар. Анда 1,5 млнго жакын окуучу билим алып, 90 миңден ашуун мугалим эмгектенет. 2024-жылы 431 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 27 жаңы мектеп курулду. Быйыл 1-сентябрь дем алыш күнгө туура келгендиктен, жаңы […]Читать далее
Бүгүн Кыргызстанда мектеп босогосун 150 миңге жакын окуучу аттады. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 2024-2025-окуу жылынын башталышында жалпы билим берүүчү мекемелердин 1-4-класстарына биринчи сабак “Билим – бул күч” темасында өтүлөт. Сабак Кыргызстандын түптөлүшүнө жана билим берүүгө чоң салым кошкон улуу инсандар, билимдин маанилүүлүгү жөнүндө маалымат берүү максатын көздөйт. Ал эми 5-11-класстын окуучуларына биринчи сабак […]Читать далее
28-августка карата республика боюнча балдарды мектепке кабыл алуунун бирдиктүү маалыматтык системасы аркылуу 126 миң 578 бала 1-класска катталды. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, ушул тапта эң көп Ош облусунда – 24 миң 459 бала, Жалал-Абад облусунда – 24 миң 80, Чүй облусунда – 22 миң 107, Бишкек шаарында – 16 миң 738 жана […]Читать далее
Электрондук китептердин варианттары “Электрондук мектеп” платформасына жүктөлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, бир жуманын ичинде электрондук китептер платформага жүктөлүп бүтөт. “Ата-энелер китептердин электрондук варианттарын ушул платформадан тапса болот. Аны окуучулардын дагы жана мугалимдердин дагы колдонуусуна мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Жалпы республика […]Читать далее
Сентябрь айынын башында мугалимдерге 24 миң ноутбук акысыз берилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, ноутбуктар табигый илимдер боюнча (математика, физика, химия, биология, география, информатика) сабак берген мугалимдерге берилет. “Ар бир ноутбуктун ичине электрондук китептер киргизилет. Ал эми республика боюнча […]Читать далее